Коңшуларга арналган Евросоюздун аракет планы “достордун кырчоосун” түзүүнү көздөйт жана Израил, Иордания,Молдова, Марокко жана Украина өңдүү өлкөлөрдү камтыйт. Аракет планына Кавказ республикалары да киргизилген. “Биз эми региондо үч аракет планына ээ болдук”, - деп айтты Брюсселде документке кол коюлган соң Еврокомиссиянын мүчөсү Бенита Ферреро-Вальднер. Өз ара кызматташуу аркылуу Евросоюз адам укуктары, демократия жана мыйзамдуулук чөйрөсүндөгү өзүнүн принциптерин Кавказга жайылткысы келет.
Келишимге ылайык, үч республикага экономика, сот системасында, энергетика, билим берүү,саламаттык сактоо жана башка тармактарда жардам берилет. Мунун эсесине алар ири масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө, региондо коопсуздукту камсыз кылууга тийиш. Брюссел ошону менен бирге бул келишим Кавказдагы жаңжалдарды жөнгө салууга да көмөктөшөт деп үмүт кылат.
Ошол эле күнү Брюсселде Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери Карабах проблемасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ал эми Грузиянын президенти Михаил Саакашвили болсо Страссбургда Европарламентте сөз сүйлөп, Тбилиси менен Брюсселдин алакалары жыл өткөн сайын жакын тартып баратканын белгилеп,бул үчүн Евросоюздун жетекчилигине ыраазылык билдирди. Түштүк осетин жана абхаз проблемаларына кайрылып, Саакашвили грузин тарабы бул жаңжалдарды күчкө салып чечкенге умтулбай турганын ырастады. “Кээ бир чөйрөлөрдө Грузияны өзүнүн территориялык бүтүндүгүн күч менен калыбына келтиргиси келген тукурукчул өлкөдөй көрсөткүсү келишет, мен так кесе айткым келет: мындай ырастоолор карандай калп”, - деп билдирди Саакашвили. Абхаздар менен түштүк осетиндер, грузин президентинин айтымында, чоң саясаттын жана “империялык” дымактын барымтасында калышты.
Өткөн аптада Түштүк Осетиядагы референдумду Грузия мыйзамсыз деп жарыялаган.
Эсенбай НУРУШЕВ, Прага