Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

СЛОВАКИЯЛЫК ПАРЛАМЕНТАРИЙ ОТУН-ЭНЕРГИЯ КООПСУЗДУГУН КАНДА ТҮШҮНӨТ?


Жыл башында Россия өкмөтү Украинага жана Молдовага берилчү газды бууп, көгүлтүр отунду кымбат баада сатылат деп бул эки өлкөнү кысмакка алгандан кийин Батышта отун - энергия коопсуздугу жөнүндө кеңири сөз кыла башташты. Батыш ошондон кийин альтернативалуу мунай-газ булактарын издеп, энергиянын башка түрлөрүн пайдалануунун жолдорун да издөөгө киришти. Словакия парламентинин мүчөсү, Магдалена Вашарыова отун-энергия коопсуздугу, Балтика деңизинин астынан өтчү газ боройунун долбоору, энергия булактарын диверсификациялоо боюнча кабарчыбыз Амирбек Азам уулунун суроолоруна жооп берген.

- Учурда дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрү ортосунда мунай жана газ үчүн күрөш курчуп баратат. Буга Кытай жана Индия сыяктуу ири керектөөчүлөрдүн пайда болгону түрткү берди. Мындай шартта Словакия жана Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер отун-энергия коопсуздугун камсыздоо үчүн кантип күрөшүүсү керек?

- Биз бул иштин үстүнөн узак жылдан бери иштеп жатабыз. Азыр, биз, биринчиден, НАТОнун мүчөсүбүз. Экинчиден, Словакия Евробиримдикке мүчө. Ошентип, 5,5 млн. элдүү чакан өлкө катары биз өзүбүздү азыр бир кыйла ишенимдүү сезебиз. Бирок, энергия менен камсыздоо жагына токтолсок, Евробримдиктин бул жааттагы саясаты жетишерлик ачык-айкын эмес. Биз уюмдун жаңы мүчөсү катары сөзүбүз өтүмдүү болушун каалайбыз. Бул биздин саясатыбыздын бир бөлүгү. Экинчи бөлүгү - газ боросунун үстүндө отурган Украина менен эки жактуу мамиле түзүү үчүн үзүрлүү диалог курганга умтулуп жатабыз. Украина менен стратегиялык өнөк болууга да аракет кылуудабыз. Мен Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик катчы болуп иштеп турган жылдары бул диалогду үзбөй өткөрүп турууга умтулдум жана Россия менен эки жактуу мамилени өнүктүрүүгө көп көңүл бурдум.

Биз үчүн бүгүн мунай эмес, газ менен камсыздоо маанилүү. Себеби, газдын баасы боюнча эл аралык келишимдерде бүдөмүк жерлери көп. Андыктан Евробримдиктин өзүндө бул маселени тактап алып, андан соң Украина, Россия жана башка Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз зарыл.

Менин оюмча, Европага өтчү жаңы газ - мунай боросу келечекте Украина аркылуу өтүшү абзел. Биз отун-энергия коопсуздугун камсыздоо үчүн мунай-газга эле байланып калбай, аны диверсификациялоо жолун ойлогонубуз, өз ара ишенүүчүлүккө, айрыкча, газдын баасын макулдашып бычууга жетишүүбүз жөндүү.

2008-жылы Россияда бийлик алмашат жана бул жылы Словакия-Россия ортосундагы газ келишиминин мөөнөтү аяктайт. Россиянын жаңы өкмөтү менен газдын баасын кантип макулдашабыз, бул –биз үчүн чоң проблема.

- Сизди туура түшүнсөм: Словакиянын Евробримдикке жана НАТого мүчө болуп өтүүсү өлкөнүн отун-энергия коопсуздугун жакшыртууда маанилүү ролду ойногон сыяктанат… Туурабы?

- Биз ошондой деп үмүт кылабыз. Бери дегенде, биз отун энергия коопсуздугун талкуулаганга ылайыктуу жакшы позицияга ээ болдук. Бир жагынан, мен бул маселени талкуулаганды көп жакшы көрбөйм. Анткени биз акыркы 17 жылда чый-пыйыбыз чыгып, ашыкча күйпөлөктөп жүрдүк. Экинчи жактан, өткөн жылы Россиянын “Газпрому” жасаган кадамдар - көпчүлүк Батыш европалыктар же жалпы эле Европа өлкөлөр үчүн отун энергия коопсуздугу Евробримдиктин алкагында талкуулануучу өтө зор маселе экенин айкындады.

- Россиянын мунай-газ компанияларына Батыш европалык керектөөчүлөргө түз чыгууга мүмкүнчүлүк берилбегенге байланыштуу ушу тапта кызуу талкуулар жүрүүдө. Буга байланыштуу айрым кыргызстандык талдоочулар өлкөнүн отун-энергия сектору россиялык жана башка четэлдик инвесторлорго пайдаланууга берилсе, алар экономикалык кырдаалга таасир этчү буроого ээ болушат деген пикирлерди айтышууда. Сиз мындай көз карашка кошуласызбы?

- Бул өз ара ишенүүчүлүктүн маселеси деп айтаар элем. Биз Францияга же Германияга кайрылып, россиялыктарды ички базарыңарга койо бергиле же киргизбегиле деп айта албайбыз. Жакшы бизнес кылуу үчүн өз ара терең ишеним зарыл.
Россия келечекте энергетикалык супергигант болот жана Евробримдик үчүн эң маанилүү отун энергия булагы. Абалдын мындай болгону эчкимди кубандырбайт.

Словак Республикасы 100 процентке орус газына байланганы менен, бүгүгө дейре эчкандай проблемага кабыла элекпиз. Бул өзара ишенүүчүлүктүн үзүрү болду деп ойлом.
Газ менен камсыздоо боюнча Россия- Германия ортосундагы эки жактуу сүйлөшүүлөрдөн шектенген жагым бар. Себеби, ал бейстабилдүүлүктүн бир фактору болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, биз, Европа өлкөлөрү отун-энергия саясаты, ошондой эле отун-энергиясы жаатындагы жалпы саясат боюнча өзүнчө диалог өткөрүшүбүз зарурат. Шериктештиктин ичинде бирдиктүү тышкы жана коопсуздук саясатынын мааниси өсүп бараткан шартта-бул өзгөчө баалуу. Бул жалпы европалык конституциянынмазмунунан да келип чыгат.

- Прагада октябрь айында өткөн Экономикалык форумда отун-энергия булактарын диверcификациялоо жөнүндө да сөз болду. Ал талкууга сиз да катыштыңыз. Отун-энергиясынын диверcификациялоо же мунай-газды отундун башка түрлөрү менен алмаштыруу ири капиталды талап кылат. Словакия сыяктуу каржы чектелүү өлкөлөр диверcификацияны кантип жеңил жүргүзсө болот деп ойлойсуз?

- Сиз билесизби, Россия газы үчүн Словакия экинчи чоң транзит-өлкө. Азыр Словакия аркылуу өткөн газ боросу толук 100 процент пайдаланылбайт. Боро 40-50 процентке гана жүктөлгөн. Андыктан, боронун сыйымдуулугу жетишсиз болууда деген кеп чындыкка жатпайт. Азыр Европага газ Польша жана Словакиядагы боролор аркылуу өтөт. Алар толук иштетилбей жатканда, Балтика деңизинин астынан өткөн жаңы боро курабыз деп, эмне үчүн акча чыгымда иш керек?!

Ушундан улам алдагы долбоордун артында эмне турат? Cui bono? Кимдин кызыкчылыгы бар? деген суроо туулат. Биздин Борбордук Европадагы мунай-газ боролорун бир түйүнгө бириктире албай жаткан жагдайда, Ямалдын же Сибирден чоң боро тартып, көгүлтүр отун менен камсыздоону жана бааны диверсификациялоо мүмкүн эмес. Бүгүн Польша менен Чехияны жана Польша менен Словакияны туташтырган газ боросу жок. Ал эми Батыш Европанын картасын карачу болсоңуз, аларда чоң газ жолдорунан башка да майда-майда өз ара туташкан орток система түзүлгөнүн байкайсыз. Словакия тогуз жолдун тоомунда жатат жана мунай биз үчүн баш оорутчу маселе эмес. Анткени, бизде Словения аркылуу Адриатика деңизине чыккан мунай боробуз бар. Биз Австриянын мунай-газ өнөр жай борборунан 45 чакырым гана алыс турабыз. Ал жерден иштетилген газды алууга мүмкүндүгүбүз бар.

Ортолук Европа өлкөлөрүн туташтырган газ жолдорун куруу өз ара ишенүүчүлтүн маселеси. Ал үчүн көп каражаттын кереги жок болсо да, бул иштин өйдөсүнө али чыга элекпиз. Ошон мен өзүм Братиславада Австрия, Мажарстан, Словения ортосунда, ошондой эле украиндер, поляктар, чехтер жана словактар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатам.

XS
SM
MD
LG