Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

БИШКЕКТЕ ЖИН УРГАН КЫЛМЫШКЕР КАРМАЛДЫ


Кечээ Бишкекте бир нече өлүмгө тиешелүү деп шектелген адам кармалды. Шаардын тартип коргоо кызматы акыркы күндөрү катары менен белгисиз кылмышкер тарабынан үч адам өлтүрүлүп, бир нече адам жарат алгандыгын кабарлаган. Шектүү адамды издөөгө шаар милициясы өзүнүн беш жүз чамалаш кызматкерин жумшаган.

Ички иштер министрлигинин кылмыш изилдөө башкармасынын жетекчиси Кырккелди Кыдырбаевдин айтымында үч адамды өлтүргөн, бир нече адамдын өмүрүнө кол салган деген шек менен кармалган адам – психикалык жактан саламаттыгы начар, жыйырма төрт жаштагы, кыргыз улутундагы Бишкек тургуну болуп чыкты. Ал мурда кикбоксинг менен машыккан, денеси чымыр, курагы жыйырма төрттө. Тартип коргоо кызматкерлеринин айтымында, кармалганда анын жанынан кылмышка пайдаланган бычагы жана башка буюмдары табылды, ошондой эле ал кылмыштарын мойнуна алды:

Үрөй учурган бул окуядан кийин Бишкек шаарынын калкында кооптонуу өкүм сүрүп калды. Тургундардын бири Тумар Дөөталиева түнкүсүн көчөгө чыгуу кооптуу болуп, айрым ата-энелер балдарын мектептен эрте жарыкта алып кетип жатышат дейт.

Айрым жарандык коом өкүлдөрү тартип коргоо кызматкерлерин саясатка эмес, ириде жарандардын коопсуздугун сактоого көңүл бурууга чакыра башташты. Алардын бири, «Жарандык коом коррупцияга каршы» борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын түрмөлөрүнөн качкан 1892 адам карматпай ээн-эркин жүрүшөт.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Алмаз Орозалиев шаардыктарга учурда эч кандай кооптонууга эч кандай негиз жок деп билдирди. Анын айтымында, шаар калкынын, меймандардын бейпилдигин сактоо үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG