Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА ДАГЫ БИР ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛӨТ


18-19-ноябрда Индиянын борбору Дели шаарында Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү маселесине арналган ири эл аралык конференция өткөрүлөт. Аны утурлай, ооган президенти Хамид Карзай Индияга үч күн мурда, 15-ноябрда келди.

Буга чейин Ооганстан маселеси боюнча бир нече эл аралык конференция уюштурулган, анын биринчиси - Талибан бийлиги 2001-жылдын аягында бийликтен кулатылгандан кийин дароо Бонн шаарынын алдында өткөрүлгөн. Андан соң Токио менен Лондондо дүйнө мамлекеттеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жолугуп, Ооганстандагы абалды кантип калыбына келтирүү жана өлкөгө донорлук жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган. Былтыр Кабул шаарынын өзүндө болсо регионалдык кызматташуу конференциясы өткөрүлдү.

Азыркы жыйындын демилгечилеринин бири - Италия. Ноябрдын башында Италиянын тышкы иштер министри Массимо Д'Алема Кабул шаарына келгенде ооган маселесин жалаң гана аскерий аракеттер менен чечүү мүмкүн эмес деп билдирип, анын саясий жактарын талкуулоо үчүн эл аралык конференция өткөрүүнү сунуштаган.

12-ноябрда өлкөнүн премьер-министри Романо Проди Рим шаарынан сүйлөп, аны колдоду, ал эми Италиянын коргоо министри Артуро Паризи ошол эле күнү - ооган маселесин чечүү үчүн эл аралык сүйлөшүүгө Иран менен Пакистан дагы тартылыш керек деп билдирди.

Анткен менен конференция Индияда өткөрүлүп жаткандыктан, айрым эксперттердин пикиринде, кошуна Пакистан ага көп кызыкпай тургандай. Индия жана Ооганстандын жетекчилеринин айтымында болсо, эч бир мамлекетке артыкчылык берилбей, ооган маселесин чечүүгө жана ага жардам көрсөтүүгө бардык өлкөлөр ыктыярдуу түрдө катышууга тийиш. "Регионалдык экономикалык кызматташуу конференциясына - согуш аяктагандан кийинки Ооганстанга жардам көрсөтө ала турган бардык орчундуу уюмдар жана мамлекеттер катышып, тараптардын турумдарын бир пикирге келтирүү аракеттери көрүлөт. Алардын ичинде дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекет, кошуна өлкөлөр жана Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн программага донор болгондор да бар", - дейт Индия тышкы иштер министринин жардамчысы Навтей Сингх Сама.

Ооган тараптын айтымында, алар конференцияда - кошуна мамлекеттерден электр кубатын сатып алуу долбоорун ишке ашырууга жана дүйнө мамлекеттерине Ооганстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспорттоого кызыкдар экенин айтаары күтүлүүдө.

Андан тышкары айрым эл аралык компаниялар Ооганстан жана Пакистан аймагы аркылуу Түркмөнстандан Индияга чейин газ куурун жаткыруу пландары үстүндө иштеп жатат. Кошуна Иран дагы Индия менен Пакистанга табигый газ сатууга кызыкдар.

Бул куур маселелери Дели конференциясынын расми күн тартибине киргизиле элек, бирок, Ирандын андай кызматташууга катышканын Вашингтон жалпысынан жактырбаганы менен, Карзайдын жардамчыларынын айтымында, аларды талкуулоого Кабул даяр.

Президент Хамид Карзай Дели шаарына 15-ноябрда келди жана конференция алдында Индия жетекчилери менен жолугуп, өз ара кызматташуу жана жалпы регионалдык маселелерди талкуулайт. Анткен менен көпчүлүк эксперттердин пикиринде, андай кызматташууну - аскерий кагылышуулар болуп жаткан абалда кеңири өлчөмдө жүргүзүү өтө кыйын, ошондуктан конференцияда коопсуздук маселелери дагы талкууланаары күтүлөт. Акыркы мезгилде болсо Талибан кыймылынын калдыктары Ооганстандын куралдуу күчтөрү менен карапайым калкына жана өлкөдөгү эл аралык аскерлерге дагы каршы чабуулдарын күчөтүүдө.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG