Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

ТУРСУНБЕК АКУН: ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ АТУУЛДУК КАГЫЛЫШУУГА АПКЕЛЕТ


Венера Сагындык кызы, Прага ш. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун соңку окуялар боюнча «Азаттык үналгысы» менен ой-пикир бөлүштү.

- Бишкектеги митингдерден кийин байкоочулар азыр Кыргызстандагы саясий кырдаалды посткризистик абал деп сыпаттап жатышат. Айрым депутаттардын парламентти таркатуу жөнүндө көтөрүп жаткан демилгеси жаңы кризис жаратпайбы?

- Кыргыз парламенти өзүңөр көргөндөй, акыркы саясий окуялар далилдегендей, бардыгын бириктирүүчү, компромиcске алып келүүчү, тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоочу чоң күч катары эсептелип атат.

Ушундай кезде кыргыз парламентин таркатуу бул өтө чоң кризиске гана алып келбестен, улуттук трагедияга, атуулдук кагылышууга алып келе турган окуя.

Ошондуктан бул депутаттар от менен ойноп атышат. Буга биз эч качан барбашыбыз керек. Парламентке дагы 2-3 жыл калды.

- Дегинкиси азыр Кыргызстан жаңы Конституция боюнча жашап атабы, же кээ бир саясатчылар айткандай, ал ишке ашпай турган документ болуп калдыбы?

- Ишке ашпай турган документ деп айтууга болбойт. Анткени 9-ноябрда президент саат бирден 20 мүнөт өткөндө кол койгон.

Мына ошондон баштап жаңы Конституция менен жашап атабыз деп айтсак болот. Жөн эле айтпастан, мен Бишкекте Акүйдө, бийликте иштеп аткан адам катары, атуул катары башка деңгээлге өткөндөй кабыл алып атам. Анткени, президенттин көп ыйгарым укуктарынын баары өкмөткө өтүп атат.

Азыр өзгөрүүлөр болгон атат, аппараттар кыскарган атат, көп закондорду иштеп чыгуу башталды. Акүйдүн ичинде эле көп өзгөрүш болуп атат, премьердин укугу аябай жогорулап, министрлер, президенттин алдында жөргөлөп жүргөндөр азыр премьердин алдына жөргөлөшүп дегендей. Абал бардык жагынан өзгөрүп атат.

Бирок, тилекке каршы, жанагыдай жарлыктарга президент кол коюп жиберип, премьер унчукпай калып, ушундай орусча айтканда
“шероховатостьттор” болуп атат. Бирок бара-бара мунун бардыгы ордуна келет деген ойдомун.

-Эми эң соңку окуялардын бирине кайрылсак, мусулмандар жамаатында да талаш-тартыш ырбап бараткандай. Сиз жетектеген комиссияга бир катар мусулмандар муфтий Муратаалы ажынын кызматынан кетишин талап кылып кайрылган экен. Алар эмнеге нааразы?

- Алардын нааразылыгы, былтыр билесиңер, беш миңден ашуун мусулман Мекеге барып келмек. Бирок эки миңге чукул мусулман кандайдыр бир түрдүү себептердин натыйжасында, муфтиаттын туура эмес уюштурган иштеринин натыйжасында бара албай калышты. Бир тобу өлүп кетишти. Өмүр бою чогулткан акчалары менен ажыга баралы деген момун мусулмандар бара албай калганы бул чоң күнөө.

Мына ошонун негизинде Муратаалы ажы Жумановдун эки орунбасары, Жалалабат облусунун казысы кызматтан кеткен. Алар ага чейин жөнөкөй адамдар сыяктуу Акүйдү курчап пикетке чыгышкан. Жөнөкөй адамдар пикетке чыкса эч нерсе эмес, башына селделерин жамынып алып, маасыны кийип алып молдокелер пикетке чыкса жаман көрүнөт экен.

Мен ошолор менен президенттин тапшыруусу боюнча аябай иштеп, мындан кийин ажыкелерди пикетке чыгарбай, алардын укугун тебелебей, ушундай иш кылалы деген ой менен мага иш табышталган. Ошол боюнча иштеп атабыз. Арыздар келип түшүп атат.

Муратаалы Жуманов менен дагы кечээ телефон менен сүйлөштүм. Жолугуп атабыз. Ал кишинин дагы көп кемчиликтери бар, жакшы жактары бар. Эми ушуну калыс таразалап карашыбыз керек, оор процесс бул.

- Кыргызстанда муфтийди алмаштыруу иши улам эле 2-3 жыл сайын орун алып келатат. Бул эмнеден. Баш мыйзам боюнча дин мамлекеттен ажыратылган эмеспи. Муфтийди шайлоо же аны кызматтан кетирүүнү Уламалар Кеңеши чечет, туурабы? Сиздер кантип кийлигишесиздер?

- Бизде ошол иштин барын көзөмөлгө алган мамлекеттик катчы, вице-премьер-министр бар. Алардын жыйыны болот. Ошол жыйындарда Уламалар Кеңешин болбосо дагы, арыз бергендерди карайт.

Ошонун негизинде, биздин президенттин наамына арыз түшүп аткандан кийин, президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия катары биз карабасак болбойт бул маселени. Бул кийлигишкендик эмес.

Анткени, адамдардын укугу тебеленип атат. Уламалар Кеңешинде маселени жакшылап чечкиле, мындай экинчи болбосун деп айта алабыз.

- Кайра саясатка келсек. Өткөндө митингдерден кийин, ал митингдерди уюштурган “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү ошол акцияларга катышкан кишилерди, ошолордун активисттерин куугунтуктоо болуп атат деп атпайбы. Сизде ушундай маалыматтар барбы?

- Мен ал маалыматтарды гезиттерден окуп атам. Бирок, ошол куугунтукталган адамдар мага кайрылып койсо болот эле да. Мен алардын деле өкүлү болуп жүрдүм го, акыйкат деп.

Роза Отунбаева, Эдил Байсалов күнүгө беш жолу мага телефон чалган адам эле. Мен эмне аянып атамбы, же президентке тартып атамбы. Мен болгондой кайрылып атам. Бирок ушундай процесс болсо, ушундай фактылар орун алса, бул туура эмес деп эсептейбиз.

Бул биздин бийлик акыркы болгон саясий окуядан сабак алган жок дегенди билдирет. Сабак албастан кайра күч колдонуу жолуна түшүп алганын билдирет.

XS
SM
MD
LG