Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

ЛИВАНДАГЫ КРИЗИС КУРЧУП БАРАТАТ


Ливандагы саясий кырдаал бир жылдан ашык убакыттан бери өтө оор - былтыр февралда мурдагы премьер-министр Рафик Харири террордук аракеттин натыйжасында курман болду, ал окуяны эл аралык комиссия тергеп жатат. Жайында Ливанга каршы кошуна Израил согуш жүргүздү, жакында бир нече министр кызматынан чегинди, кечээ күнү болсо өндүрүш министри өлтүрүлдү.

21-ноябрда Бейрут шаарынын көчөсүндө чак түштө өндүрүш министри Пьер Жмайелдин машинесин бир нече башка машине көчөдө курчап токтотуп, андан соң бир нече адам ага ок жаадыргандан 30 жаштагы министр оор жараат алып, кийин ооруканада курман болду.

Пьер Жмайел - парламенттеги көпчүлүктү жетектеген Саад Харирини колдоп келген. Анын атасы Амин Жмайел 1982-жылдан 1988-жылга чейин Ливандын президенти болгон. Анын алдында Ливанды Амин Жмайелдин улуу агасы Башир Жмайел башкарган. Алардын атасы Пьер Жмайел бир кезде Ливандын эң ири христиан партиясын негиздеген.

Бардык дүйнө мамлекеттери менен Бириккен Улуттар Уюму Пьер Жмайелдин өлтүрүлүшүн сынга алды. АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс бул окуяны - Ливан элин коркутууну көздөгөн террор аракети деп атады: "Бул өлтүрүү баарыбызды бушайманга салды. Биз аны террордук аракет деп эсептейбиз. Аны менен - Ливанда түзүлгөн колалициялык жетекчиликти коркутуу аракеттери көрүлүүдө. Ливанды бөлүп-жарып, өлкөдөгү саясий абалды кайрадан кризиске батырууну көздөгөн күчтөргө бардык мамлекеттер каршылык көрсөтүп, премьер Фуад Сеньоранын өкмөтүн колдош керек", - деди америкалык жогорку дипломат.

Ливандын калкы негизинен арабдар болгону менен, алар христиандар менен мусулмандарга бөлүнөт. Былтыр өлкөдөн сириялык аскерлер чыгарылгандан кийин түзүлгөн жаңы өкмөттү башкарууга премьер болуп шайланган Фуад Сеньора өзү мусулман болгону менен, ал коалициялык өкмөт түзүүгө жетишкен. Анткен менен быйыл жайында кошуна Израил Ливандын түштүк аймактарына ээлик кылган "Хизбалла" уюмуна каршы согуш жүргүзгөндөн кийин өлкө оппозициясы өкмөттү катуу сынга ала баштаган.

Жекшемби күнү "Хизбалла" уюмунун жетекчиси шейх Хасан Насралла премьерге ультиматум коюп, өкмөттөгү орундардын үчтөн бирин оппозицияга берүүнү талап кылган. Аны айрым христиан уюмдары дагы колдогон. Өткөн аптада үч мусулман министр кызматынан чегинип, өкмөттөн чыгып кеткен.

Ливандын парламентиндеги көпчүлүктүн жетекчиси Саад Харири дароо кошуна Сирияны күнөөлөдү. Анын атасы, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харири былтыр 14-февралда террор аракетинен курман болгон жана аны менен байланыштуу түзүлгөн эл аралык комиссия - ал террор аракетин уюштурууга Сириянын атайын кызматтары катышкан болуш керек деген жыйынтыкка келген.

21-ноябрда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Хариринин өлтүрүлүшү менен байланыштуу атайын эл аралык трибунал түзүүнү да чечти. Сирия, албетте, бардык күнөөнү четке кагууда. Ливандын оппозициясынын айтымында болсо, өлкөнү башкара албаган, бирок кызматтан кетүүнү каалабаган Сеньоранын өкмөтү бул өлтүрүүнү өзү уюштуруп, бардык күнөөнү оппозицияга тагып салууда.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG