Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

БИЙЛИК: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КАТАЧЫЛЫКТАР


Бүткүл дүйнөгө демократияны жайылтуу менен алектенген Америка кошмо штаттарынын Эларалык республикалык институту Gallup organization/Baltic Surveys агенттиги менен биргеликте кыргыз бийлигинин негизги жетишкендиктерин жана башкы каталарын аныктады.Уюм буга байланышкан сурамжылоону октябрь айында жүргүзүп, анын тыянагын кечээ коомчулукка жарыялады.

Сурамжылоого катышкан бир жарым миң адамдын пикирлерине таянган институттун тыянагына караганда, мектепте бекер окутуу, бекер тамак берүү - азыркы бийликтин башкы жетишкендиги. Кийинки негизги жетишкендиктер катары айлык-акылардын, пенсия-пособиелердин жогорулашы жана жаңы үйлөрдүн, мектептердин курула баштаганы белгиленген. Ал эми бийликтин башкы каталары тууралуу жоопто көпчүлүк стабилдүүлүктүн жоктугун, коррупциянын жогору бойдон калып жатышын жана кадрдык саясаттын туура эместигин баса белгилешкен. «Азаттыктын» суроосуна жооп берген “Кыргыз Консепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин көз карашында бийликте жетишкендиктер байкалбайт.

Салык системасынын реформа болушу жана салык саясатынын өзгөрүшү, жаңы салык кодексинин туулуп чыгышынын убактысы өтүп баратат деп, бийликтердин өкүлдөрү менен талаш-тартыштабыз. Ушул убакка чейин биз толук бир тыянакка чыга элекпиз. Ушул бийликтин кемчилиги жана каталыгынын белгиси деп эсептейм. Казырынча жетишкендиктер пайда болбой атат да, – деди Эмил Үмөталиев.

Ал эми “Өзгөрүү” инновациялык билим берүү борборунун директору Алмаз Тажыбай азыркы бийликтин өз кемчилигин мойнуна алууга кудурети жетип жатканы – жетишкендиги деген ойдо.

Негизги жетишкени, азыркы бийликтин өз кемчиликтерин билип, айтып атканы. Кемчиликтери, бийликтин бир кызматын сатып алышат. Бул деген азыр, мектептен баштап бааны сатып алышат, жөн окушпайт. Туугандыкпы, коррупциябы биз аны биле албайбыз, аны органдар иштеш керек. Студенттерди деле алып көрсөк көбүнчөсү өзүнүн мээси жетпегенди сатып алышат, – дейт Алмаз Тажыбай.

Негизинен биз суроо салган адамдардын көпчүлүгүнүн жообу, Эларалык республикалык институтунун жасаган сурамжылоосундагы жоопторго окшош болуп чыкты.

Чалбаева Сагын:Азыркы бийликтин жетишкендиги тартип болуп аткандыгында деп эсептейм. Жетишпестиктери болсо - өз ара Жогорку Кеңеш жана президенттин администрациясы тил табыша албай эле, баягы, аккуу, чаян жана жаян балыктай болуп атышат.

Гүлмира Алиясова: Азыркы бийликтин эң биринчи жетишкендиги бул - бар болгондугу. Биз эмес, өнүгүп кеткен, жанагы чоң мамлекеттерде деле жакшы-жамандар болгон. Кемчилиги бул кадр маселесинде деп да ойлойм. Анан трайбализм деген да болуп атпайбы.

Манас Эшенкулов: Негизинен бүгүнкү күндө кемчилигин эле көрүп атабыз да алардын. Себеби, бир жылдан бери мамлекетте стабилдүүлүктү сактай албай жатышат. Мисалы, ноябрдын экисинде башталган акыркы окуялар. Мунун баарын эле мамлекет адамдарынын кемчилиги катары караса болот да. Анан, жетишкендиктери катары азырынча эч нерсе айта албайм.

Эл аралык институт сурамжылаган калк өкүлдөрүнүн жоопторуна караганда, түштүк элинин 83 пайызы 24-март окуясынан кийин өлкө туура багытта өнүгүп баратат дешсе, түндүк элинин 43 пайызы гана бул ойго кошулушкан. Мындай тыянакты институт өлкөдөгү аймактык бөлүнүүчүлүктүн белгиси катары баалады.

Илим Жанузаков, Бишкек

XS
SM
MD
LG