Европа Биримдигинде бардык чечимдер жалпы мунаса менен кабыл алынат, бирок даярдалган жаңы келишимге биз кол койбобуз деп Польша жарыялады, анткени мындан бир жыл мурда Маскөө - Польшадан келген этти импорттоого тыюу салган. Варшава Биримдикке кайрылып, Орусияга таасир кылууну сураган, бирок Брюссель - ал маселени эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу чечиш керек деп билдирген, ошондуктан Варшава өткөн аптада - анда биз Хельсинки шаарында кол коюла турган Келишимге вето салабыз деп чыккан.
Саммит алдында Брюссель шаарында Биримдиктин өкүлдөрү жолугуп, Польшанын турумун өзгөртүүгө аракет көрдү, бирок ийгиликке жеткен жок. Акырында Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Польшанын талабы жөндүү экенин моюнга алды.
"Польшанын тынчсызданганына негиз бар жана биз ага бир чети кошулабыз. Аны менен катар, биздин пикирибизде, Польша андай аракеттерди Биримдиктин чегинде жасаш керек, Биримдик болсо Орусия менен жаңы кызматташуу келишимине кол коеюн деген. Биз ишенебиз, Орусия менен диалог жүргүзүш керек, айрым учурларда ал оор диалог, ал чын, бирок баары бир диалог талаптуу", - деди Баррозу 23-ноябрда.
Орусиянын Европа Биримдигиндеги өкүлү Сергей Ястржемский алгач - бул биздин проблема эмес, бул Биримдиктин өзүнүн ички маселеси, ошолордун башы оорусун деп билдирген. Анткен менен 23-ноябрда орус президенти Владимир Путин Хельсинкиге келип, Финляндия президенти Тарья Халонен менен саммит алдында жолуккандан кийин - Польшадан импорттолгон эттин сапатына Маскөөнүн эч кандай нааразылыгы жок, жөн гана кээде чек арадагы көзөмөл ойдогудай жакшы эмес жана Польша бийлиги ошого көңүл бурууга тийиш деп билдирди.
Анткен менен, айрым маалыматтарга караганда, Польшанын туруму баары бир өзгөрбөгөндүктөн, жаңы келишимге кол коюлбайт, бирок эски келишимдин мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
"Франкфуртер алгемайне цайтунг" деген немис гезитинин жазганына караганда, пайда болгон маселенин тамыры терең жана Польша өзүнүн ветосу менен Маскөөгө гана каршы чыкпастан, айрым Батыш мамлекеттеринин саясаты менен дагы макул эмес. Мисал үчүн, Европага кеткен газ Польшанын аймагы аркылуу жаткырылган куурлар аркылуу агат, бирок Маскөө менен Берлин өз алдынча келишим түзүп, Балтик деңизинин түбү менен азыр жаңы куур жаткырып жатат. Польша ага каршы чыккан, бирок Алмания дагы, Орусия дагы аны укпай койгон.
Андан тышкары, гезиттин жазышынча, Орусия ар башка шылтоо менен кошуна мамлекеттерге такай саясий басым жасаганга көнүп алган. Польшанын эти сыяктуу маселе Грузия жана Молдованын винолору менен дагы чыккан. Кайсы бир фирмалар жасалма вино өндүрүп, аны Орусияга сатканы аныкталгандан кийин, Маскөө бардык грузиялык винонун импортуна тыюу салып таштаган.
Андан да тышкары, үстүбүздөгү жылдын биринчи күнүндө Маскөө Украинаны жазалайм деп куур аркылуу өткөн газдын агымын токтоткондо, көптөгөн башка европалык мамлекетке да газ келбей калган жана европалык саясатчылар Орусияны "жоопкерсиз мамлекет" деп атаган. Ошондуктан Польшанын мисалы жалгыз эмес, бирок аны пайдаланып, европалык мамлекеттер эми биригип, Маскөөгө карата чыныгы бирдиктүү саясат иштеп чыгууга тийиш, деп жазат гезит.
Нарын АЙЫП, Прага