Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ЛИВАНДА КЫРДААЛ МОРТ


Бейрутта өнөр жай министри Пьер Жмайелдин таажиясына он миңдеген кишилер келишти. Антисириялык саясий ишмерлер коомчулукту министрди акырет сапарга узатуу каадасын Ливандагы эркиндикке жана өлкөнүн көз карандысыздыгына колдоо көрсөткөн акция катары белгилөөгө чакырган эле. Жмайел соңку эки жыл ичинде өмүрү кыйылган антисириялык фракциядагы алтынчы ишмер болду.

Пьер Жмайелдин таажиясы Бейрутта чын эле антисириялык демонстрацияга айланды. Кылкылдаган адамдар патриоттук ураандарды көтөрүп, Сириянын президенти Башарга акаарат айтып, ливан президенти Эмил Лахудду анын куйругу деп атап, “Хезболланын” лашкерлерине кошуп аны өлкөдөн кууп чыкканга чакырышты.

Пьер Жмайелдин сөөгү Бейрутка жакын жердеги христиан көрүстөнүнө көмүлдү. Бул жерге анын чоң атасы менен эки ата өткөн оолаттары, убарлаш урукташтары коюлган. Алардын көбү абройлуу саясатчылар болушкан. Пьер да алардын жолун жолдоп, саясатка аралашкан. Чоң атасы өткөн кылымда түзүп-түптөп кеткен христиан жамагатынын лидери катары өкмөткө шайланып,министрлик кызматка көтөрүлгөн.Пьер быйыл болгону 34 жашта эле. Анын өлүмүн көбү сириялык бийликтерден көрүп жатышат. Коңшулаш өлкөдөгү режим болсо бул айыпты караманча четке кагууда.

Жмайелдин өлүмүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливандагы кырдаалга будуң-чаң салгысы келгендердин аракети катары баалады жана министрди кимдер тындым кылганын кылдат териштирип чыгууну чечти. Бу милдет Ливандын мурдагы премьери Рафик Хариринин өлүмүн иликтеп жаткан эл аралык комиссияга жүктөлдү.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ливандагы кырдаал өтө морт экенин эскертип, элге жана өкмөткө колдоо көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди жасоо зарылдыгын белгиледи.

Кошмо Штаттары Жмайелдин көзүн тазалаганга көрсөтмө берген күчтөрдү террористтер деп атады. Алар Ливандагы башкаруучу коалициянын жүрөк үшүн алгысы келет. Бул иштин артында, президент Жорж Буштун айтымында,Ливанды тоз-тополоңго түшүрүп,зобун-зордукту тутантууну көздөгөн Сирия менен Ирандын мүдөөсү жатат.Буш Ливандагы өкмөткө, анын демократиясына жана ливандыктардын бейпилдикте жашагысы келген мүдөөсүнө колдоо көрсөткөнгө убада берди.

Сириялык ырасмий гезиттер болсо быйыл жайда Израил менен тутунган уруштан кийин Хезболла Бейруттагы антисириялык режимге кастарын тигип калганын белгилеп, министрдин өлүмүнөн саясий пайда тапкысы келген бир гана күч – ушул хезболлачылар болуу керек деп көрсөтүшүүдө.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG