“Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында өлкөдөгү акыркы тынчтык митингдер, саясий акциялар чет өлкөлүк туристтерди үркүтмөк тургай, Кыргызстанга болгон кызыгууну арттырды. Тескерисинче, туризмдин өсүп- өнүгүшүнө мамлекеттик чектөөлөр, бажы, чек ара текшерүүлөр жана виза режимдери тоскоол болууда” дейт Эмил Үмөталиев.
Кыргызстандын соода, өнөр жай жана туризм министринин орун басары Турусбек Мамашев өлкөдөгү митингдер чет элдик туристтерди кооптондуруп, инвестициянын келишине кедергисин тийгизип жатат деген көз карашта. Ал мындай жагдай келерки жылкы туристтик сезонго даярдыктардын учурунда байкалып жатат дейт. Мейманкаларды, эс алуучу жайларды, пансионаттардын категориясын, классификациясын коюп, бааларын аныктоо өңдүү даярдык иштери 1- ноябрдан башталган.
Жаңы конституцияга ылайык өкмөттүн жаңы курамына туризм тармагына маани берилип, министрликке учкашпаган өз алдында мамлекеттик мекеме болсо, ишибиз илгерни болоор эле, дейт Турсубек Мамашев.
Чынында Кыргызстанда туристтерди тейлөө системасынын начардыгы, мыкты кадрдын аздыгы бул тармактын өнүгүшүнө бөгөт болууда.
Өлкөдө Туристтик кадрды даярдаган онго жакын жогорку окуу жайлары бар. Бирок бүгүнкү күнгө жетишерлик практикалык тажрыйбасы бар ортоңку жана төмөнкү кадрлардын жокко эсе.
“Эл эрки” кыймылынын лидери Болот Байкожоевдин айтымында саясий окуяларды шылтоо кылбай элиталык туризмди өнүктүрүүгө аракет көрүү зарыл.
Эң башкысы экология боюнча, жаратылыш кооздуктарын, Ысыккөлдүн тазалыгын сактап калуу боюнча атайын программа иштеп чыгуу керек. Ансыз келечекте көлдүн экологиясын бузуп алуу, жоготуп алуу коркунучу турат. Эмдиги жылы иштей турган бардык пансионаттардын, эс алуучу жайлардын санитардык нормасын калыптоо зарылчылыгы да алдыда турат дейт Болот Байкожоев.
Быйыл Ысыккөлгө миллионго чукул эс алуучу келип киреше жакшы болду делгени менен, адистердин айтуусунда, көл суусу булганып, жаратылышка олуттуу зыяны тийди.
Кабыл Макеш, Бишкек