Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

ОШ: САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН ГУБЕРНАТОР ТОГОТКОН ЖОК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган кайрылуу менен чыккан саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр жана басмырлоо болуп жаткандыгы жөнүндө коомчулукка билдирүү таркатты. Ал эми губернатор мырза бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган кайрылуудан кийин ага кол койгон “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик”, “Кыргызстан демократиялык кымылы” саясий партияларынын жергиликтүү уюмдарынын, ооганчылар жана Баткен окуяларынын катышуучуларынын коомдук бирикмелери сыяктуу бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө карата облакимчилик тарабынан кысымчылык башталгандыгын билдирди. Анын айтымында губернатор мырза коомчулуктун өкүлдөрүнүн кайрылуусун тоготпостук менен кабыл алууда:

- Партиялардын, коомдук уюмдардын, жалпы Ош облусунун көпчүлүк эли, өткөндө өзү айткандай 19-20 миң адам бул эл эмес дейт. Мен ойлойм бул чоң жаңылыш. Ушунча адамдар официалдуу түрдө кайрылып аткандан кийин креслого тырмышпастан өзү жигиттик кылып туруп арызын жазып кетип калышы керек.

“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Керим Макеев болсо, губернатор Сатыбалдиев анын ишине берилген саясий баадан жыйынтык чыгарып макулдашууга келүүнүн ордуна өчөшүп тоготпой жаткандыгын белгилеп өттү:

- Ошондо дагы президентке чейин айтып, мунун Ош облусуна губернатор болуп келишине биз каршы чыкканбыз. Ага чейин дагы биз “Жаңы Кыргызстан” партиясынын айрым өкүлдөрү президент менен жолугушканда дагы так айткам, Жантөрө Жолдошевичти кызматтан кетирүү боюнча. Бүгүнкү күндө жүз адам деп атып Акаевдин кейпин кийип калбасын. Акаев дагы жүз адам эле чыгып атат деп атып, аягында 30 миңдеген адамдар чыгып кызматтан кетирген.

Ал эми “Эмгек жана биримдик” партиясынын активистеринин бири Анархан Орозбаева губернатор Жантөрө Сатыбалдиев кызматка келген күндөн тартып ишмердүүлүгү коомчулукта күмөндүү деп эсептелинген адамдарды жетекчи ордуна алып келип, аларды азыркыга чейин калкалап жаткандыгын айтып өттү:

- Мен Карасууда Нурумбетов деген коррупционер менен күрөшүп келгем төр жылдан бери. Акаевдин замынанда да, эми жаңы заманда да жазып көрөйүн деп арыз жазганымда, аны музейге которуп коюп атат. Бул коррупция менен күрөшүүнүн жолу ушулбу. Коррупционер коррупционерди коргоп калганы бул факт. Ошондой эле ошол жерге 7 млн. акча түшүп атат, эмне Сулайман тоосунда бир нерсе башталдыбы?

Ал эми бул багытта Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев менен байланышканыбызда, ал интервью берүүдөн баш тартып, аны кызматынан кетсин деп ага ар кандай жарлыктарды тагып жаткан адамдар менен соттук териштирүүдө гана сүйлөшө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG