“Базаркоргон саясий күчтөр биримдигинин” жетекчиси Төрөкан Алимовдун айтымында, Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу боюнча шайлоочулардан чогултулган кол БШКга өткөрүлүп берилди:
-Он алты миң кишинин колун топтодук. Биз бул чогулган колдун көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырганбыз, төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдо бар. Элдин Текебаевге ишеними жок болгондугуна байланыштуу аны мөөнөтүнөн мурда чакырып алууну талап кылабыз.
Депутат Өмүрбек Текебаевге ишеним көрсөтпөй, мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуунун себебин аксакалдар демилге тобунун төрагасы Төрөкул Сатиев төмөнкүдөй түшүндүрдү:
-Биз аны илгери президент болот деген чоң үмүт менен төрт жолу депутат кылып шайлаганбыз. Бирок ал ошол жыйырма жылга жакын депутаттык убагында бизге бир да жолу басып барып, бир тыйынчалык пайдасы тийген жок.
Төрөкул Сатиевди коштогон Базаркоргондогу аялдар кеңешинин мүчөсү Аптоокан Борончиева Жогорку Кеңеш жана анын депутаты Өмүрбек Текебаев жакшы мыйзамдарды жаратпагандыктан улам бүгүнкү күндө Кыргызстан ХИПКке кирүүгө аргасыз болуп турат деп эсептейт.
Ал эми Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери депутатты мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу демилгесин атайын бийлик тарабынан жасалган психологиялык кысым катары баалашууда. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, өзүн Исабек Абдозов деп тааныштырган шайлоочу маалымат жыйынын уюштурган кишилердин жалпы шайлоочулардын атынан сүйлөөгө укугу жок деген оюн билдирип, ал эми чогултулган колдун аныктыгы мыйзам чегинде такталууга тийиш деп эсептейт:
-Он алты миң киши Өмүрбек Текебаевди чакыртып алууга кол коюп берди дегенге мен ишенбейм. Анткени Өмүрбек Текебаев ошол эле округдан төрт жолу Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланып отурат. Он алты миң кишинин колун мыйзам чегинде текшерип, аныктыгын такташ керек. Ошондо азыркы “чогулттук” дегендер уятка калышат. Мен бул колдун токсон пайызы жасалма деп ойлойм,-дейт Исабек Абдозов.
“Ата Мекен” партиясынын төрагасы жана “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев өткөн жылы март айында №26 Акман шайлоо округунан шайланган.