Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

«АМЕРИКА АРЕНДАГА АКЧА БЕРБЕЙ ЭЛЕ, ТЫШКЫ КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП ТУРСА»


Мээрим Султангазы, Прага Жаңы кабыл алынган Конституциянын тагдыры жана анын иш аракеттери тууралуу саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов менен кабарчыбыз Мээрим Султангазы кызы маектешкен.

-Баш мыйзам шашылыш чала иштелип калды деп айтылып жатат. Жаңы Конституцияны тагдыры кандай болот?

-Менин оюмча Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мыйзамдарды ага шайкеш келтирип парламент анын үстүндө иштеп жатат да. Ошондой мыйзамдарды кабыл алуу учурунда анын кемчиликтери ошондо билинет. Эмки жайга чейин парламент мыйзамдарды туура келтирүү менен алек болот деген пландарын коюп жатышат.

-Шайлоодо шайлоолор партиялык тизме менен өтөт деп жатабыз. Азыркы учурда партиялардын даярдыгы кандай. Алар өлкөнү саясий кризистен алып чыгууга даярбы, программалары барбы?

-Мурун мындай бир жолу болгон эки палаталуу кезде партиялар катышкан. Аз болсо дагы тажрыйбасы бар. Жаңы редакция кабыл алынгандан баштап анын алдында дагы партиялар абдан жандана баштады. Бир чети жаңы түзүлүп жатса, бир жагынан мурун түзүлгөн партиялар жер-жерлерде өзүлөрүнүн баштапкы уюмдарын, ячейкаларын түзүп калышты. Менин оюмча программасын алып чыга алабы же алып чыга албайбы убакыт көрсөтөт. Бирок программалардын ортосунда күрөш болот деген үмүт бар.

-Мындан эки күн мурун “Манас” авиа базасында кайгылуу окуя болду. Америка аскери кыргыз жаранын атып салганын маалымдады. Бул окуяга кыргыз-америка мамилелерине кандайдыр бир көлөкөсүн түшүрүшү мүмкүнбү? Кандай таасир тийгиши мүмкүн?

-Бул окуя эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге олуттуу таасир тийгизет деп ойлобойм. Бирок мындай окуялар биринчи жолу болгон жок. Киши өлтүрүүлөр болбосо дагы кандайдыр бир укук бузуулар болгон. Муну чечүүнүн өзүнүн эрежелери башкача айтканда дипломатиялык жол же башка жолу бар. Бул кокусунан болгон окуябы же башка жагдайда жасалганбы аны тергөө иштери көргөзөт.

-Бул маселе жогорку деңгээлде талкууланды. Президент АКШнын элчисин кабыл алды. Аскердин дипломаттык укугун чечүү маселеси каралды. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?

-Бул маселе эл аралык укуктун негизинде чечилиш керек. Бул жерде эмоцияга алдырыштын кереги жок деп ойлойм. Өзүнүн эл аралык укугу бар. Биздин тышкы иштер министрлиги бар, дипломаттардын өзүлөрүнүн кол тийбестик укугу бар. Анан алар укук бузуу учуру кандай шартта чечилет ал укуктук негизде чечилет. Эки өлкөнүн ортосундагы деги эле башка өлкөлөрдүн ортосундагы маселелер жалаң гана укуктук негизде чечилиш керек.

-“Манас” авиа базасындагы аскерий Ганси авиа базасына америкалыктардын жайгашуусу боюнча талкуулар жүрүп келген. Алардын акысы боюнча. Бул маселе келечекте кандай каралышы мүмкүн?

-Бул маселе боюнча жакында эле каралган. 200 миллион деп айтып жатышкан. Бизде толук деле маалымат жок. 150 миллионго токтолуп ал акчаны алып жатышат дейт. Мен дагы учурунда өзүмдүн эмоциялык оюмду айткам. Биздин чет өлкөлөргө болгон карызыбыз 2 миллиард болуп жатат. Биз деле аны билбейбиз каяктагы 2 миллиард аны ким алган. Мен бир ой аткам Ганси бизге акча төлөбөй эле карыздардан кутултуп, он жыл болсо деле турсунчу дегенмин. Алдын ала биздин процентти төлөп, чет элдик карыздардан кутулсун деп. Бирок кандай болсо дагы алардын ижарага төлөй турган акчасы жашыруун түрдө эмес элдерге ачык-айкын билинип турганы оң го деп ойлойм.

-Ошентсе дагы ижаранын акысы ылайыктуубу Кыргызстан үчүн же аны дагы көтөрүш керекпи. Балким ал маселени дегеле козгобой коюш керекпи?

-Эгерде жылына 150 миллион акча жөнүндө сөз болуп жатса буга атайын адис керек. Кыргызстандын карызынан кутулганга жардам берсе жакшы болот эле.

XS
SM
MD
LG