Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Ирактын Ишаки деген шаарындагы бомбалоо жөнүндө карама-каршы кабарлар келүүдө


Ирактын Ишаки деген шаарында кечээ күнү болгон окуя тууралуу ар башка кабарлар келип түшүүдө. Америкалык жетекчиликтин айтымында, "ал-Каида" уюмунун жоокерлери жашынган үй бомбаланган жана андан 20 адам, алардын ичинде эки аял курман болгон. Бирок Батыш журналисттери тапкан маалыматтарга караганда, бомбалоонун найтыйжасында жети аял жана сегиз жаш бала өлдү. Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Питер Куареллинин айтымында, окуя тыкан тергелет: "Мындай окуялардын ар бири тыкан текшерилет деп мен убада бере алам. Мурда да ошондой болгонун силер жакшы билесиңер, бул окуя дагы тергелет", - деди генерал.

XS
SM
MD
LG