Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:45

АКШда 2008-ЖЫЛЫ БОЛО ТУРГАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР АЗЫРТАН КӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарындагы келерки президенттик шайлоого дагы эки жылдай убакыт бар, бирок айрым саясатчылар азыртан эле өз талапкерлиги тууралуу жарыялай баштады. Акыркы мезгилге чейин эки негизги талакер - Республикалык партиянын атынан сенатор Жон Маккейн, ал эми Демократиялык партия тараптан сенатор Хиллари Клинтон көрсөтүлөт де айтылып келген, бирок эки жылдын ичинде көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн

Сенатор Жон Маккейн 2000-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн, бирок бирдиктүү кандидатты тандоо үчүн чогулган Республикалык партиянын курултайында Жорж Бушка утулуп калган. Виетнам согушуна катышып, туткунга түшүп чыккан Маккейн эл арасында жогору кадыр-баркка ээ. Хиллари Клинтон болсо мурдагы президент Билл Клинтондун жубайы жана ал президенттиктен кеткенден кийин саясатка кирип, дароо сенатор болуп шайланган. Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында өткөн шайлоодо дагы ал өз ордун оңой эле коргоп алды.

Эксперттердин айтымында, Хилларини АКШда канча адам жакшы көрсө, ошончо адам аны жек да көрөт. Мэриленд университетинде иштеген Бенжамин Барбердин айтымында, Республикалык партиянын өкүлдөрү анын жасаган иштерин же анын саясатын сындабастан, Хилларини - ал мурдагы президенттин жубайы болгону үчүн жана анын учурунда өкмөттүн саясатына таасир кылганы үчүн жаман көрөт.

Анткен менен Хиллари Клинтон азырынча өз талапкерлиги тууралуу расми жарыя жасай элек, Демократиялык партиянын мүчөлөрүнүн ичинен акыркы күндөрдө талапкер боло турганы жөнүндө Айова штатанын мурдагы губернатору Том Вилсак жана Индиана штатынан сенатор болуп шайланган Эван Бай айтышты.

Саясат таануучулардын пикиринде, элге көп белгилүү эмес саясатчылар президенттик күрөшкө биринчи кошулганынын өз себеби бар. Эгер алар - атактуу адамдар талапкерлиги жөнүндө айтканга чейин күтүп отурса, аларга эч ким көңүл бурбай калат, ошондуктан саясий күрөшкө эртерээк кошулганда алар ишкерлер жана коомдук уюмдардан кошумча акча чогултуп алууга үлгүрөт.

Президенттик өнөктүк болсо өтө кымбат нерсе. Биринчи жергиликтүү курултайлар 2008-жылдын январында башталат жана ага чейин калган бир жылдын ичинде ар бир талапкер өз шайлоо фондуна кеминде 50 миллион доллар чогултууга тийиш, бир жыл 52 аптадан турганын эсепке алганда, ар бир жумада бир миллион доллар келип түшүп туруш керек.

АКШнын Демократиялык институтунун деректири Патрик Бэшемдин айтымында, Америкадагы саясий турмуш азыр жалаң шайлоо өнөктүгүнөн туруп калды: "Биз азыр үзгүлтүксүз шайлоо өнөктүк заманында жашап жатабыз десе болот. Айрым талапкерлер өз шайлоо даярдыктарын шайлоого төрт жыл калганда эле баштаган. Хиллари Клинтон менен Жон Маккейн андай өнөктүктү эки жылдан бери жүргүзүп келатышат", - дейт Бэшем.

Хиллари Клинтондон тышкары Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп көрсөтүлүшү мүмкүн деп 45-жашар кара сенатор Барок Обама, жана белгилүү сенатор Жозеф Байдендин ысымдары аталууда. Республикалык партиянын мүчөлөрү арасынан болсо Маккейнден тышкары атала тургандардын арасында Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Рудольф Жулиани, сенатор Сэм Браунбэк жана мурдагы спикер Ньют Гингрич күчтүү талапкер болот деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG