Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН ТАГДЫРЫ ООР


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Анжиян кандуу окуяларынан кийин Өзбекстандан качып чыккан жүздөгөн адамдардын абалы оор бойдон кала берүүдө. Кыргызстанга баары болуп кеминде 800 киши качып чыккан, алардын теңине жакыны Улуттар Уюмунун жардамы менен үчүнчү мамлекеттерде баш калкалашты. Ал эми качкындардын айрымдары Өзбекстанга күчкө салып кайтарылды.

Анжиян шаарында 2005- жылы 13-майда болгон окуялардан кийин качкандардын бир бөлүгү ООНдун жардамы менен Румынияга көчүрүлгөн болучу, ал эми бир кыйласы Кыргызстанда калган.

Качкындардын ичинен 15 кишини Ташкент "мыйзамдуу шайланган өкмөттү төңкөрүүгө аракеттенген" деп айыптоодо. Быйыл Кыргызстандын Жогорку соту төрт качкынды Өзбекстанга өткөрүп бюрүүнү чечкен, бирок алар Кыргызстанда кала берүүдө. Калган 11 кишиге Кыргызстан расмий баш калка берди.

Бирок, мааламаттарга караганда, Кырыгызстанда калган качындардын кай бирин Өзбекстандын коопсуздук кызматы жашыруун кармап, Өзбекстанга алып кетип жатат, айрымдарын болсо кыргыз бийликтери жашыруун түрдө өткөрүп берүүдө. "Эрк" оппозициялык партиясынын Анжиядагы бөлүмүнүн жетекчиси, Исроил Халдаров, туугандарынын айтымында, ал август айынан бери дайынсыз жок болууда, маалыматтарга караганда,ал Өзбекстанда тергөө камагында олтурат.

"Адвокат ага каршы козгологон кылмыш иши менен таанышты, ал Өзбекстандын кылмыш кодекси боюнча терроризмде айыпталып жатат, эгерде күнөөлүү деп табылса, ал 15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал",- дейт Халдаровдун тууганы.

Өзбекстандык качкындар КМШнын башка өлкөлөрүндө да баш калкалоодо. Украина Крым чөлкөмүндө баш бааналаган 11 өзбек качкынды кармап, Өзбекстанга кайтарып берди. Ал бул чечимин качкындар мыйзамсыз иштер менен алектенип жатканы менен түшүндүрдү.

Ноябрь айында Москванын шаардык соту өзбекстандык качкын Рустам Муминовду Өзбекстанга кайтарып берүүгө тыюу салды, бирок бул чечим Муминовду бийликтер Өзбекстанга күчкө салып өткөрүп берген соң кабыл алынды.

АКШда баш бааналаган 150дөй качкындын үчтөн бир бөлүгү өзбек өкмөтүнүн мунапысына ишенип, үйлөрүнө кайтты. Расмий Ташкент муну качкындар куугунтукталбай тургандыгын көрсөтүү үчүн пайдаланып, учурда качкындар жөнүндө даректүү фильм тартууда. Бирок, качкындардын бирөө Азаттык радиосуна берген интервьюсунда алар кайтып Аелгенден кийин жума сайын полицияга барып, көрүнүп, эмне кылып жатканы баяндап турууга милдеттендирилгенин айтты.

Байкоочулар качындардын кайтып келүүсүн кусалык эмес алардын үй бүлөлөрүнүн катуу кысмакка алынганы менен чечмелешет.

Кыргызстанда баш калкалаган өзбек качкындардын кыйласы качкын статусун ала элек, алардын үстүндө үйү, жан сактаганга жумуштары да жок. Чек ара ачык болгондуктан, Кыргызстанда баш бааналаган качкындардын так саны белгисиз.

"Маалымат каражаттары ар кандай цифраларды атоодо. Айрымдары качкындардын санын миңдеп боолголосо, башка бирөөлөрү жүздөп божомолдошууда. Бирок мен алардын саны 100дөн ашык деп айтаар элем",- дейт Улуттар уюмунун Бишкектеги жооптуу өкүлү Карлос Закканини.

XS
SM
MD
LG