Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:30

ЖАПОНИЯЛЫК МИНИСТР КУРИЛ АРАЛДАРЫ БОЮНЧА «ЖЕКЕ ПИКИРИН» БИЛДИРДИ


Төрөкул Дооров, Москва 13-декабрда Жапониянын тышкы иштер министри Таро Асо жапон парламентинде Орусия менен болгон аймактык проблеманы чечүү жолун сунуш кылды. Ал Орусия менен чыр-чатакты жаратып, тынчтык келишимине жетишүүгө тоскоолдук кылып жаткан Курил аралдарын теңме-тең бөлүп алыш керек деп эсептейт. Анткен менен анын министрлиги өз жетекчисинин бул сөзү «туура эмес таржымалданган» деп билдирип, мындай сунуш киргизилген эмес деди.

Бул сунуш, чынында, жапон тышкы иштер министри тарабынан айтылганы менен, баары бир расмий түрдө Орусияга сунуш киргизиле элек. Анткени жапон министрлиги да Таронун сөздөрүн «министрдин жеке көз-карашы» деп эсептейт.

Орусиянын жетекчилиги бул тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек. Болгону Мамдумада «Бирдиктүү Орусиянын» вице-спикери Олег Морозов: «Бүгүнкү күнү Орусия Жапония менен «аймактык проблеманы» чечүү зарыл деп эсептебейт. Анткени бүгүн Жапония менен эч кандай «аймактык проблемалар» жок», – деди.

Чынында, Орусия менен Жапония ортосунда Курил аралдары боюнча талаш-тартыштар көптөн бери эле уланып келатат. Ал чечилгенде гана эки жумурият Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки тынчтык келишимине кол коюп, ал согуш бүткөнүн формалдуу түрдө таанышкан болмок. Бирок ортодогу төрт арал азырынча кимдики экени чечиле элек, демек, тынчтык келишими жөнүндө да сөз жок.

«Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, Жапониянын Тышкы иштер министри Таро Асо: «Орусия менен чечиле элек төрт аралдын тагдырын тезирээк, Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин, бүтүрүп алыш керек» деген. Анткени, министрдин оюнда, Путин чындап эле бул маселеге чекит коюуну каалайт.

Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү 2008-жылы аякташы керек.

Жапонияда ал төрт арал жайгашкан жакты «Түндүк аймак» деп коюшат. Жапон жетекчилигинин ишениминде, кезинде СССР мыйзамсыз түрдө ал төрт аралды басып алган жана эми алар Жапонияга кайтарылып берилиши керек. Ал эми расмий Москва бул ойго каршы. «Курил аралдары тээ атам замандан бери эле Орусияга карап келген» деп билет бүгүнкү орус жетекчилиги.

XS
SM
MD
LG