Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ СТРУКТУРАСЫ АЙКЫН БОЛДУ


Айданбек Акмат уулу, Бишкек Премьер-министр Феликс Кулов Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өкмөттүн жаңы структурасын парламенттин кароосуна жиберди. Бирок сунушталган долбоордо инспекция, агенттиктердин орду көрсөтүлбөгөндүгү депутаттар тарабынан белгиленгенде, өкмөт башчы мыйзам долбоорун дароо артка чакырып алды.

Жаңы конституцияга ылайык өкмөттүн структурасын премьер-министр аныктайт. Ал эми Жогорку Кеңеш бекитет. Өкмөт башчы Феликс Кулов мына ошол конституциялык укугуна ылайык өкмөттүн жаңы структурасын 14-декабрда Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады. Ага ылайык өкмөттүн структурасы премьер-министр, биринчи вице премьер, вице премьерлер-министрлер, 14 министрлик жана 4 мамлекеттик комитеттен турат. Азыркы структурада болсо 13 министрлик, 2 мамлекеттик комитет бар.

Премьер-министр сунуштаган долбоордо Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги олуттуу өзгөргөн. Бул министрликтин базасында отун-энергетика тармагын кошуу менен эки министрлик түзүлгөн. Анын бири Өнөр жай жана отун-энергетика комплекси министрлиги, экинчиси Коммерция жана туризм министрлиги деп аталган.

Комитеттердин саны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик комитеттин кошумча түзүлүүсү менен төрткө жеткен.
Бирок, өкмөттүн жаңы структурасында азыр иштеп турган 11 мамлекеттик агенттик, бир топ мамлекеттик инспекция жана кызматтардын орду көрсөтүлгөн эмес. Ал тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев буларды белгиледи:

"Бизге толук бергиле деп жатабыз. Бизге сунушталган долбоордо болсо өкмөттүн мүчөлөрү гана көрсөтүлгөн. А биз ойлоп жатабыз, ар бир министрликтин алдында кайсы агенттик, кайсы департамент бардыгын толук айтып бергиле деп жатабыз".

Исхак Масалиевдин пикиринде, дал ушул себеп менен структура артка кайтарылды. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков өкмөттө жаңы министрликтин пайда болушун негизинен оң баалады. Анын айтымында, жаңы структура кабыл алынгандан кийин өкмөттүн азыркы курамы жалпысынан сакталып, бирок жаңы түзүлгөн министрликтердин жетекчилери парламентте бекитилүүгө тийиш:

"Жаңы структурадагы өзгөрүүгө жараша бекитүү болот. Маселен, Өнөр жай жана энергетика министрлиги түзүлүүдө. Ошолордо өзгөрүү болот. Ансыз болбойт. Негизинен өзгөрбөгөн министрликтердин башчылары ошол ордунда калат деген позиция бар".

XS
SM
MD
LG