Кечээ соңуна чыккан добуш берүү президент Махмуд Ахмадинежат үчүн алгачкы чоң сыноо болду. Радикалдык позициядагы Ахмадинежат кечээ добуш берүү аяктаган соң жасаган билдирүүсүндө шайлоо өлкө үчүн чоң ийгилик болгонун жана шайлоочулардын активдүүлүгү батыштагы душмандар менен күрөшүүгө салым кошоорун билдирген.
Ирандын ИРНА расмий кабар агенттиги добуш берүүгө 46 жарым миллион шайлоочунун 60 проценти катышканын билдирип, бул 2003-жылкы шайлоого караганда 10 процентке көбүрөөк экенин белгиледи. Добуш берүү үчүн башка шайлоочулар менен бирге жарым саат кезек күткөн президент Ахмадинежат:
-Душмандарыбыз өз жүрүм-турумун өзгөртүп, Иран элине каршы душмандык кылууну токтотот деп үмүт кылабыз. Анткени Иран эли өз максатын ал- күчүн аябастан аркалайт ,- деп айтты.
Шаарлардын жана айыл-кыштактардын кеңештериндеги 113 миң орунга 233 миң талапкер ат салышты. Талапкерлер ошондой эле Ирандын эң жогорку диний лидерин шайлай турган, 86 кишиден турган Эксперттер Кеңешине да ат салышты.
Бирок, радикалдуу көз караштагы президент Ахмадинежаттын оптимисттик көз карашына карабастан Иран гезиттери добуш берүүдө азыркы президенттин оппоненттери консерваторлор көбүрөөк ийгилккке жетишкенин жазып жатышат.
Өлкөнүн Эксперттер кеңешине ат салышта мурдагы президент Али Акбар Хашеми Рафсажанинин тарапкерлери алдыда баратат. Заман бап көз караштагы саясатчы былтыр президенттик шайлоодо Ахмадинежатка уттуруп койгон эле. Эксперттер кеңешине өткөн шайлоодо аятолла Мухамед Таджи Месба Язди Хашеми Рафсажанинин негизги аттандашы болду.
Асошейтед Пресс кабар агенттигинин айтымында, Ажмадинежаттын Израилге каршы жасаган билдирүүлөрү жана анын Ирандын өзөктүк программасы боюнча радикалдуу позиция ээлегени, Иран консерваторлорунун ичинде жиктелүүгө алып келди. Айрым консерваторлор Ахматинежат Батыш менен тирешип-таймашууга ого эле көп көңүл буруп, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн көз жаздымда калтырууда деп эсептешет.