Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

ТОНИ БЛЭР ИРАККА КҮТҮҮСҮЗДӨН КЕЛИП КЕТТИ


Амирбек Усманов, Прага Британ премьер-министри Тони Блэр жекшемби күнү Багдадга күтүүсүз визит менен келип кетти. Ал ошол эле күнү премьер-министр Нури Малики менен болгон кездешүүдөн кийин Иракка коңшу өлкөлөрдү Маликинин өкмөтүнүн тынчтык орнотуу аракетине жолто кылбай, көмөктөшүүгө чакырды. Бул күнү полиция кийимин кийип алган куралчандар Кызыл Крест уюмунун Багдаддагы кеңсесинен ондон ашуун адамды уурдап кетишти.

Тони Блэр 2003-жылдан бери Жаңы жыл алдында Иракка келип, британ аскерлеринен кабар алып турат. Бирок визит дайыма күтүүсүздөн жасалат.

Блэр бул жолку сапары учурунда премьер-министр Нури Маликинин өлкөдө тынчтык орнотуу аракетин колдоп, Иракка коңшулаш мамлекеттерди Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарууга үндөдү:

-Менин оюмча, биз бардык күч аракетибизди жана бийлигибизди жумшап, региондогу бардык өлкөлөрдүн Иракты, анын элин, өлкөдөгү демократияны колдоосуна ишенгендей болушубуз керек. Бул абдан маанилүү иш. Улуттар Уюмунун резолюциясы региондогу бардык өлкөлөрдү премьер-министр Маликиге жана анын өкмөтүнө, ошондой эле Ирак элине бут тоспой жардамдашууга милдеттендирет.

Тони Блэр Багдаддагы пресс-конференцияда британ аскерлерин түштүктөгү Басра шаарынан акырындап чыгарып кетүү планын жактап, максат коопсуздукту камсыздоону ирактык күчтөргө өткөрүп берип, аларга көмөктөшүү экенин белгиледи. Азыр Иракта британдык 7 миң аскер бар.

Ирактын премьер-министри Маликинин билдиришинче коңшу өлкөлөрдүн Иракта тынчтык орнотууга жардамдашуу маселеси Блэр менен болгон кездешүүдө талкууланган:

-Биз саясый жараянда ийгиликке жетүүнүн жолдорун, анын ичинде бул ишке региондогу өлкөлөрдү тартуу идеясын кеңири талкууладык.

Тони Блэр “Иракта азыр түзүлгөн башаламандык үчүн жоопкерчиликти АКШ башындагы эларалык күчтөр, анын катарында британ аскерлери бөлүшөбү?” деген маанидеги суроого, өлкөдөгү бүгүнкү абал үчүн эларалык күчтөр эмес, азыркы Ирак өкмөтүнүн ийгилигине каршы турган топтор күнөөлүү экенин айтты:

-Ирактагы террорчулар, Саддамдын мурдакы тарапкерлери, бул өлкөдө демокртиянын болушун каалабаган адамдар бейкүнөө адамдардын канын төгүүдө... Бул окуяларды Ирак эли демократияга жетүүсүнө каршы турган адамдар атайылап жасоодо.

Тони Блэрдин сапарына тушташ полиция кийимин кийип алган белгисиз куралчандар Кызыл Крест уюмунун Багдаддагы бөлүмүнөн ондон ашуун адамды уурдап кетишкени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG