Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

МАСКӨӨДӨ ДАГЫ БИР КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БЫЧАК ЖЕП ӨЛДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада ишемби күнү Кыргызстандын дагы бир жараны өлтүрүлгөнү дайын болду. ИНТЕРФАКС жазган маалыматта аны Жуковская көчөдө өлүп жаткан жеринен милиция таап алган. Эксперттер кийин анын көптөгөн бычак жеп өлгөнүн айтышкан. Андан сырткары маркум Москвада үч жылдан ашуун убак жашап келгени да такталганы айтылууда.

Кайгылуу окуя боюнча маскөөлүк бийлик, так айтканда, Басмандык райондор аралык прокуратурасы киши өлтүрүү беренеси астында кылмыш ишин козгоду. Агенттиктер кыргызстандык жаранга элүүдөн көп бычак сайлыптыр деп жазышканы менен дүйшөмбү күнү биздин колго тийген маалыматтар андан кыйла айырмаланды. Маркумдун Кыргызстандын атуулу экени такталды. Ал Жалалабаддан келген экен. Аты жөнү - Юсупов Иман.

«Азаттык» сурамжылоо салган жерлердин бири Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин алдындагы консул бөлүмү болду. Анын жетекчиси Данияр Сырдыбаев мындайча жооп узатты:

«АЗАТТЫК»: - Кыргыз жигитти бул жерде 16-декабр түнү бычактап кеткен экен…

СЫРДЫБАЕВ: - Ооба, мен азыр эле Басманная райондук прокуратурасынын биринчи орун басары менен сүйлөшүп келдим. Кантсе да окуя жашоо-тиричиликтеги кагылыштан улам чыккандай. Жанакы (улутчулдук жек көрүү – ММ) жок.

«АЗАТТЫК»: - Үч жыл Маскөөдө турган экен. Ал убак ичи бир жерде ишептирби? Кандай иште иштеген болду экен?

СЫРДЫБАЕВ: - Курулушта иштептир. Казакстандын элчилигинде официант болуп иштептир.

«АЗАТТЫК»: - Кыргызстандын атуулу бекен ал киши?

СЫРДЫБАЕВ: - Ооба, Жалалабаддан келген экен.

«АЗАТТЫК»: - Жашоо-тиричиликтеги жаңжал болсо, анан ошончо көп бычакталабы?

СЫРДЫБАЕВ: - Мына ошол себептүү жанакы неме (улутчулдар касытыгы – ММ) жок деп атышат. Эми соттук экспертиза жасап атышат. Болжолдо бир же эки эле жолу бычак урулган дешет. Көрсө өзүнүн кылмышкерлер чөйрөсү менен байланышы болгон экен. Алар (иликтөөчүлөр – ММ) аны өч алышмакка же карызын өндүрө албаганда жасашкандай дешет. Биз азыр эле прокурордун биринчи орун басары Сафонова Лидия Михайловна менен сүйлөшүп чыктык.

«АЗАТТЫК»: - Кылмыштын бети ачыла элек экен да?

СЫРДЫБАЕВ: - Жок. Анын ким экенин бул жерде туруучу эжеси менен байкеси келишип, көрүп, таанышты.

Маскөөлүк адам укугун коргоо бүйрөсү таркаткан маалыматта улуттук жек көрүү түрткү болуп славян эмес түстүү кишилдерди өлтүрүү барган сайын арбып барат. Алардын көбү Маскөөдө, Санкт-Петербургда, Воронеж жана башка калааларда дешет.

XS
SM
MD
LG