Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: “ЖЕБЕГЕН САМСЫГА ПУЛ ТӨЛӨБӨЙБҮЗ”


Бүгүн Жогорку Кеңеш ХИПИК программасына кирүү тууралуу маселени кароодон баш тартты. Депутаттар президент, өкмөт башчы келип, ХИПИКке кирүү боюнча келишилген шарттарды айтып беришин талап кылышып, бул маселени кароону бейшембиге калтырышты.

ХИПИК программасына кирүү боюнча маселени кароо Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибине өткөн жумада эле киргизилген. Бирок, депутаттар өлкөнүн келечеги, тагдыры тууралуу маселе каралып жатканда президент, премьер-министр жана кээ бир өкмөт мүчөлөрүнүн келбегендигине нааразылыгын билдиришип, бул маселени кароону бейшембиге калтырууну сунуштап башташты. Депутат Мелис Эшимканов мамлекеттин жана өкмөттүн башчысынын катышуусуз бул маселе талкууланбашы керек деген оюн айтты:

-Толук өкмөт курамы келмейинче, президенттин так позициясын билмейинче, өкмөттүн чечүүчү токтомун колубузга алмайынча парламентте талкуулаганыбыз чөлдө кыйкырган үн менен барабар. Түшүнүп эле турабыз, парламент 100% каршылык билдирсек дагы, тышкы карызды кечүү боюнча чечимди өкмөт өзү кабыл алат.

Айрым депутаттар ХИПИК программасын өкмөт парламенттин макулдугусуз кабыл ала албайт деп айтып чыгышты. Депутат Алманбет Матубраимов 93-жылдардан бери алынган карыздарды ким кол коюп алган болсо, ошол адамдар жооп берсин деген оюн айтты:

-Жебеген самсыга пул төлөбөйлү. Бүт көрсөтсүн, буга чейинки алынган акчаларга ким кол коюп алган? Бүт кредиттик ресурстардын анализин толук апкелиңиз. Биз карап чыгалы: ким күнөөлүү, кайда кетти акчалар, эмне үчүн Кыргызстан ХИПИКке келип такалды? Он беш жыл ичинде алган акчабызды ким алган, жеген? Ачык элге жарыя кылалы. Жооп берсин. Буга чейин жыргап, чачып келген болсок, эми керек болсо чогултуп берели.

Алманбет Матубраимов Кыргызстандын ХИПИК программасын кабыл алууга интеллектуалдык потенциалы жол бербей тургандыгын кошумчалады.

ХИПИК программасы боюнча маселени буга чейин ЖК каржы жана бюджет комитети карап чыгып, күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Ошондой эле комитет программа жана анын шарттары тууралуу парламентке баяндама берүүнү каржы жана экономика министри менен Улуттук Банктын төрагасына тапшырган. Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков бул маселени бейшембиге калтырууга каршы чыкты:

-Бул акчанын баары Кыргызстандын экономикасын талкалоо, жоготуунун негизинде берилген. Ушуну биз бүгүн талкуулашыбыз керек. ХИПИКке киргенге чейин тышкы карызды талкуулап, өкмөт менен Улуттук банкка айтууга тийишпиз: Бул карыздарды биз төлөбөйбүз.

Депутаттар каржы жана экономика министри менен Улуттук банк төрагасынын баяндамасын угуудан баш тартышты.

Ал эми каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров болсо, ЖК комитети чакырган баяндамачылар келгендигин билдирди:

-Башкалар чакырылганын билбейм, Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитети чакырган үч баяндамачы келдик. Мүмкүн эми бейшембиде өкмөт башчы менен орун басары келер.

Бир топ талаш-тартыштан кийин депутаттар ХИПИК маселесин бейшемби күнү президент менен өкмөт башчынын, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кароону чечип, ал күнкү отурум МТРК аркылуу түз эфирде берилүүсүн талап кылышты.

Акылбек Жапаровдун берген маалыматы боюнча Кыргызстан 14 жыл ичинде 1 млр 800 млн доллар карыз алган. Анын ичинен эң көп сумма 763,3 млн доллар улуттук валюта менен мамлекеттик бюджетти колдоого, 410,1 млн доллар айыл чарбасына, 400,5 млн доллар транспорт жана байланыш министрлигине, 285 млн доллар социалдык тармакты өнүктүрүүгө сарпталган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG