АКШ куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты кечээ Американын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Ага ылайык 26-сентябрда “Манас” аба майданында болгон учактардын кагылышуусу атайын уюштурулган эмес, кокусунан болгон иш. Кагылышуунун негизги себеби катары Кыргызстандын аба кыймылы башкармалыгынын диспетчерлери учуу тилкеси толук бошогонуна ынанбай туруп, жарандык учакка учууга уруксат беришкен. Бул тууралуу АКШ элчилигинин маалымат катчысы Азамат Абабакиров “Азаттык” үналгысына төмөнкүлөрдү айтты:
-Авиамобилдик командачылык тарабынан түзүлгөн комиссия аныктады: аварияга “Кыргызаэронавигация” аба кыймылы башкармалыгынын диспетчери антитеррордук күчтөрдүн КС-135 учагы учуу тилкесин бошотконуна көзү жетпей туруп, жарандык учакка учууга уруксат бергендиги себеп болгон.
Мындан тышкары маалыматта: Кыргызстандык аба диспетчери кырсык болгон учуу тилкесин караңгы убакта бошотууга берген көрсөтмөсү дагы учкучтарга берилген тартипке каршы келет деп айтылат. Анткени бул тилкеден күндүзгү гана убактарда учууга уруксат берилет. Ал эми АКШнын учкуч экипаждары менен кыргыз диспетчерлерин байланыштырып туруучу координатор муну эске алган эмес, эгер булар акыбалга кылдат көз салганда кырсык болбой калмак деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын президентин жалгыз учагынан айырган бул кырсыкты изилдеген Кыргызстандык комиссия бул иш антитеррордук күчтөрдүн учкуч экипажынын күнөөсү менен болгон деген тыянагын чыгарып берген. Бул маалыматты комиссиянын башында турган транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов журналисттерге айткан эле. Кырсыктын болушуна Кыргызстандын учкучтарынын эч кандай күнөөсү жок деген министр.
Кыргыз тараптан түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы АКШ элчилигине жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу жарандык авиация департаментинин башчысынын орун басары Алик Аскеров билдирди:
-Биз өзүбүздүн тыянакты аларга бердик. Алардын өздөрүнүн да божомолдору болот. Биз өзүбүздүн эрежелерге ылайыктап, иликтөө жүргүздүк. Анткени алар өз милдетерин биздин жергебизде өтөп жатышат. Ошондой эле эл аралык авиация эрежелерине да таяндык.
26-сентябрда болгон кагылыштан келип чыккан чыгашаны Кыргызстандын транспорт прокуратурасы 2 млн сомго баалаган.