Укук коргоо уюмдары Түркмөн бийлигин Сапармурад Ниязов башкарып турган кезде камакка алынган саясатчыларды жана журналисттерди бошотууга чакырды. Түркмөнстандын Хелсинки тобунун маалыматы боюнча, өлкөдө саясий туткундардын саны төрт миңге чукул болот.