Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

САТЫБАЛДИЕВ ПАРТИЯ ЛИДЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУП ТУРУУГА УБАДА БЕРДИ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев анын жетекчилик ишмердүүлүгүн сынга алган жана кызматтан кетүүсүн талап кылган саясий партиялардын жергиликтүү лидерлери менен жолугушту. Анда коюлган сындардын жана талаптардын негиздүүлүгү, жаңы Баш мыйзамга ылайык саясий партиялар менен бийликтин кызматташуу жагдайлары талкууга алынды.

Бетме-бет жолугушууда “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев губернатордун кызматтан кетүүсүн талап кылууга негиз болгон жагдайлар тууралуу айтты.

Макеев Жантөрө Сатыбалдиевди кызматка келген мезгилде жем кордукка (коррупцияга) каршы күрөшүү боюнча убада кылган иш чараларынын бирин да аткарбастан ишмердүүлүгү күмөн туудурган жергиликтүү жетекчилер менен коюн-колтук алышып кетти деп айыптады:

- Көп губернатор келип кетти. Көкүрөгүн көрсөтөт. "Таза суу" программасын аягына чейин чыгарам дейт. Алай районунда, Ноокат районундагы Апшырата да ошондой болгон. Азыр жыйынтык жок. Бир корея улутундагы адамга күнөөнү коюп койгон. Сулайман тоо жөнүндө так маалымат жок. Бирөө айтат жети миллион, бирөө 11 миллион дейт. Так маалымат жок. Ал эми чогулган каражат каякка барат,- деди Керим Макеев.

Бул жагдай боюнча губернатор Жантөрө Сатыбалдиев коюлган талаптар жана сындар негизсиз экендигин белгилеп, анын айланасында саясий оюн жасаганга аракет болуп жаткандыгын айтты. Анын айтымында жергиликтүү бийлик далилдүү сын менен кайрылган партия активисттерин ачык-айрым сүйлөшүүлөрдү жана текшерүүлөрдү убак-убакыты менен жүргүзүп турууга даяр.

-Сулайман тоосу боюнча анын ар тыйынына мен жооп бергенге милдеттүүмүн деп элдин алдында айтканмын. Жооп беремин. Бүгүн бул суроого так жооп берем. Керек болсо казынаны ачабыз. Акчасы турат. Ушундан да кыйкым таба турган болсоңор мен жооп берүүгө даярмын. "Таза суу" боюнча сиздер канча кыйкырсаңар мен деле ошончодон бери кыйкырып келе жатам. Мен эки жолу коллегия өткөрдүм. Прокурорго өзум буйрук бердим,- дейт губернатор Жантөрө Сатыбалдиев.

Анткен менен Эмгек жана биримдик партиясынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Токтосун Абдыкадыров бийликтин өзүндө тил табышууга мүмкүн болбогон абалда жетекчилердин өздөрү иштеше албай жаткандыгына токтолуп, саясий чайкоочулук качан токтойт деген маселени кабыргасынан койду.

- Бул жерде биз бир пикирди түздүк. Облустук жекчилер бир пикирге келбейсиздерби. Бирөө идеологияны айтса, бирөө башканы айтып отурат. Анын кол астында иштегендер башкача ойдо жүрсө кантет,- деген оюн билдирди Токтосун Абдыкадыров.

Ал эми каршылашкан көз караштагы тараптардын диалогуна байкоо салып турган “Эл бийлиги” кыймылынын өкүлү Авазбек Шерматов саясий чырлашууга чекит коюп, элдин турмушун көтөрүү үчүн биргеликте кызматташууга чакырды.

-Айрыкча тополоңдордон келип, бийликтер ортосунда ажырымдар пайда болуп, ортодо эл жабыр тартып жатканда интеллегенция каякка бийлик ооп кетсе эле ошол жакка акылдуулук кылып, кошулуп кеткен адаттан чыгалы, - деди Авазбек Шерматов.

Губернатор Сатыбалдиев өз кезегинде жергиликтүү партиялардын лидерлери менен олуттуу маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүп турууга убада берди. Учурда каттоодон өткөн токсонго жакын партиянын Ошто жыйырмага жакынынын жергиликтүү өкүлчүлүктөрү бар.

XS
SM
MD
LG