Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

САЯСЫЙ ЖҮРҮШТӨРГӨ КАЛАЙЫК КАЛК КАНДАЙ КАРАЙТ?


25-декабрда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы редакциясы биринчи окууда кабыл алынган жок. Долбоор кабыл алыныш үчүн 51 депутат макул деп добуш берүүгө тийиш эле. Бул жагдай тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.

Байкоочулардын баамында парламент Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун кабыл албай туура чечим кылды. «Интербилим» уюмунун лидери Асия Сасыкбаеванын айтымында Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынбай калышы, парламентте да элди, келечекти ойлогон депутаттар арбын экенин билдирди:

"Жаңыны кабыл алуу мүмкүн эмес эле. Анда кайра эле авторитардык системага кетип калмакпыз. Эгер андай болсо жаңы Конституцияны кабыл алуунун, 24-мартта революция кылуунун эмне кажети бар эле? Парламент туура чечим кабыл алды. Дагы жаңы долбоор алып келсе ал деле өтпөй калышы мүмкүн."

Жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү парламентти таркатуу маселесинде кайчы пикирде болсо да, жаңы Конституцияны кабыл алууга болгон аракет өлкөнүн аброюна доо кетирип жана долбоордо Акаевдик конституцияны кайтарып келүү ниети катары баалашты.

Конституциянын жаңы редакциясын коомдук ишмер Эдил Байсалов авторитардык режимге кайтуу аракети катары баалады. Анын пикиринде президент эми парламентти таратуу үчүн референдумга барышы мумкүн.

"Мурунку авторитардык режимди көрсө биз Бакиевдин колуна, келечектеги президенттердин колуна кайтарып беришибиз керек экен. Менин оюмча бул контрреволюция, бул 24-мартта болгон революцияга каршы келет. Буга биз каршыбыз. Парламент гана өзүн өзү таркатышы ыктымал. Эгер президент ошол кадамга бара турган болсо анда бийликти узурпациялоо болуп калат,- дейт Эдил Байсалов.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдурасулованын пикиринде, эми президент Баш мыйзамды сыйлабай парламентти дагы таркатууга аракет кылып, саясый кырдаалды дагы курчуруп жибериши мүмкүн.

Кыргыз журтчулугунда Жогорку Кеңешти таркатып, парламенттик шайлоону өткөрмөйүн кырдаал оңолбойт деген пикирлер да айтылып жүрөт. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев абалдан чыгуунун эң дурус жолу парламенттин тарашы дейт:

"Жогорку Кеңеш жалаң эле саясат менен алек болуп калган. Парламент мыйзамсыз, алар Акаевдин Конституциясы менен келген. Азыркы парламент да, соттор да Акаевдики, Алар эң ыйык Конституцияга ушундай мамиле кылышты. Алардын негизги максаты өздөрүн сактап калуу жана Бакиевди бийликтен кетирүү".

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов ай сайын жаңылап Конституция алуу өлкөнүн беделине доо кетирерин эскертип, парламентти таркатууга негиз жок деди:

"Эми бул уят эле иш болду. Мурда кабыл алынган Конституциянын негизинде эле конституциялык мыйзамдарды кабыл алып, алга жыла бергенге мүмкүнчүлүктөр бар. Жаңы толуктоолорду киргизгенде эч нерсе деле өзгөрбөйт экен. Бирок Кыргызстандын конституциясындай деген сөз өлкөнүн парламентине да, өкмөтүнө да көлөкөсүн тийгизет".

Өлкөнүн айрым атуулдары да Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынбай калышы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

Бекбол Айдаров:-Президент мурда Акаевде болбогон ыйгарым укуктарды алууга аракеттенди, бирок оюу ишке ашпай калды. Эми дагы жаңысын алып келе береби? Бул болбогон жорук.

Мурат Турсунов:- Буга коомчулук да, парламент да даяр эмес болчу. Абдан ыңгайсыз окуя болуп тарыхта калды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG