Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСТИН БОРБОРУНДА АТЫШУУ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын күч органдары дүйшөмбү күнү, таң атып келатканда Карачай-Черкес жумуриятынын баш калаасындагы беш кабат үйдүн бир квартирасында жашынып жаткан жанкесептерди кармоо операциясын жүргүзүштү. Тараптардын ок атышуусу жети саатан ашык убакка созулду. Ок атышуу болуп аткан чөйрөдөгү мектепте сабак өтүү токтотулуп, бала бакча иштебей, танапташ үйлөрдөн тургундар көчүрүлдү. ФСБнын маалыматына караганда, атышкандар Карачай-Черкес жеринде кыйла милийса кызматындагыларды өлтүргөн кылмышкерлер шекилдүү. Операция бир кишини колго түшүрүп, бир кишини жок кылуу менен аяктады.

25-декабрдагы Черкесск калаадагы ок атышуудай кармаш Түндүк Кавказда тез-тез болуп турат. Маселен, буга окшогон федералдык күч менен жергиликтүү жамааттан турат деген күчтөр кагылыштары Карачай-Черкес, Чеченстан, Кабарда-Балкар, Дагстан, жана Ингушетия жумурияттарында канча жолу болду. Ал эми бул жолку чабуул ырасмий булактар билдиргенге караганда бир кишинин окко учушу жана бир («Эхо Москвы» боюнча эки – ММ) кишинин кармалышы менен аяктаган.

Коопсуздук кызматынын федералдык Карачай-Черкестеги башкармасынын маалымат катчысы Анна Лызина мамлекеттик сыналгылар аркалуу жасаган билдирүүсүндө, «Ачимез Гочияев менен Тимур Глообду кармоо боюнча атайын операция жүрүп атат» деп айткан.

Чабуул аяктаганда Гочияевдин ал жерде болбогондугу такталды. Ал ысым ырасмий чөйрөдө 1999-жылы Маскөөдө турак үйдү жардырууну уюштурган деген кине менен федералдык жерде издөөгө алынып келет. Ал жолку жардыруудан 352 киши курман болушкан эле. Кызык жери, жакында Лондондо өлгөн Александр Литвиненко жазып калтырган китебинде ал жардырууну орусиялык атайын кызматчылары уюштурган деп айтылат.

Анализчилер атайын кызматтагылар коомчулукка тил эмизип жок кылмышкердин атын атап атышат деп айтышат. Маселен, саясатчы Сергей Маркедонов айтканга караганда азыркы тушта Түндүк Кавказдагы кармаштар бүтүндөй Орусиялык ички саясаттын жаңырыгы. Бийлик көп улуттуу элдердин башын бириктирчү саясат жүргүзө албаганда жаштар орустар жашаган аймактарда скинхеддикке, радикалдык улутчулдукка ал эми кавказдык аймактарда радикалдык исламга өтүп кетип атат.

ИНТЕРФАКС агенттиги билдиргенге караганда, чабуул коюлган үйдө ок тийип өлгөн, колуна курал алып атышка түшкөн Руслан Токоев болуп чыкты. Ал мурдатан милиция кызматкерлерин өлтүрүп жүргөн кылмышкер болгон экен.

Дагы бир кеп - Черкесск калаада ушул күнү, 2004-жылы октябрде ал жумурият президентинин ошол кездеги күйөө баласы Али Каитовдун кароолчулары жергиликтүү 7 ишкердин көздөрүн тазалап салышы боюнча сот өкүмү жарыяланмакчы.

А кай бирлер болсо Карачай-Черкес ордо калаасында ок атышууну ошону менен байланыштуу деп жиберишти.

XS
SM
MD
LG