Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

ОРУСИЯНЫН САЯСАТЫ КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНАН ЧЫККАНДАРДЫН ТААСИР АЛДЫНДА


Нарын АЙЫП, Прага Айрым эксперттердин пикиринде, Орусиядагы бийлик азыр негизинен - мурда аскерий же коопсуздук кызматында иштеген адамдардын колунда. Президент Путиндин айланасында либералдар да бар, бирок алар либералдык саясат же либералдык экономика үчүн күрөшкөндүн ордуна бийлик үчүн гана далбас урууда.

Президент Владимир Путин өзү мурда КГБда иштеп, советтик мезгилде Алманияда тыңчылык кылган жана кийин Федералдык коопсуздук кызматын башкарган. Президент болуп шайлангандан кийин болсо, 2000-жылы ал чекисттердин майрамын белгилөө салтанатына келгенде, чогулган 300 генерал жана полковниктин алдында тамаша-чындын ортосунда - силер берген буйрукту аткарып, бийликти биз колго алдык деп билдирген.

"Орус элитасынын анатомиясы" деген китеп жазып, аны 2004-жылы чыгарган Ольга Крыштановскаянын айтымында, азыркы орус бийлигиндеги адамдардын 78 пайызынын кандайдыр бир ченемде мурда аскерий же коопсуздук кызматтарына тийешеси болгон: "Бүгүнкү күндө орус элитасынын 26 пайызы мурда аскерий же коопсуздук кызматтарында иштегендер, мен жүргүзгөн атайын анализ көрсөткөндөй болсо, элитанын 78 пайызы - ошол уюмдар жана алар менен байланышкан башка кызматтарга тийешеси бар адамдар", - дейт Крыштановская.

Өзү мурда коопсуздук уюмунун маалымат кызматында иштеген белгилүү журналист Евгения Албацтын айтымында, Орусияны азыр КГБ башкарууда. Крыштановскаянын пикиринде, СССР учурунда деле КГБ зор мааниге ээ болчу, бирок, биринчиден, бийликте КГБдан чыккандардын саны үч жарым пайызды гана түзгөн. Экинчиден, алар негизинен өз милдеттерин аткарчу жана жогорку бийликке сунуш менен гана чыкчу, чечимди болсо саясатчылар кабыл алчу. Мисал үчүн, КГБнын башчысы Юрий Андропов Ооганстанга аскер киргизүү керек деген бүтүмгө келгенден кийин, баары бир чечимди Политбюро кабыл алган. Азыр болсо баарын бир адам чечип жатат дейт Крыштановская.

Анткен менен "Кремлдеги романдар" деген китеп жазган дипломат Владимир Федоровскийдин айтымында, Орусияны чындап эле коопсуздук кызматынан чыккандар башкарат, бирок чечимдин баарын Путин өзү жалгыз кабыл албайт. Мисал үчүн, ЮКОС компаниясы кыйратылгандан кийин, Путин аны "Газпромго" берүүнү ниеттенген, бирок анын администрация башчысынын орун басары Игорь Сечин кийлигишкенден кийин, ЮКОС "Роснефть" ишканасына өттү. Мурда КГБда иштеген Сечин "Роснефттин" деректирлер кеңешинин төрагасы.

Путин мурда Алманиянын "Сименс" компаниясына - Орусиянын "Силовые машины" деген ири колмпаниясын сатып алууга уруксат берген. Бирок коопсуздук кызматы кийлигишкенден кийин, контрактка кол коюлбай калды. Франциянын "Тотал" компаниясына Путин - "Новатек" деген газ ишканасын убадалаган, бирок ага азыр "Газпром" каршы чыгууда. Британияынын "Бритиш петролеум" компаниясына дагы Путин колдоо көрсөтүп келген, бирок анын дагы Орусиядагы иштеринде азыр бир топ маселе чыгууда.

Өлкөнүн көптөгөн ири ишканаларын азыр коопсуздук кызматынан чыккандар башкарат жана ири каражатка ээ болгондон кийин алар өлкөдө кандай болбосун чечимди ишке ашырууга жөндөмдүү болуп калды. "Газпромдун" баш деректиринин орун басары болуп жакында мурдагы КГБ генералы Валерий Голубев дайындалды. Коопсуздук кызматынын төрагасы Николай Патрушевдин уулу Андрей жакында "Роснефттин" төрагасынын жардамчысы болуп келди, "Аэрофлот" компаниясын дагы азыр мурдагы чекист Виктор Иванов, ал эми өлкөнүн темир жолдорун дагы бир мурдагы КГБчы Игорь Шувалов башкарат.

Бир чети бул адамдар ишти жакшы билген күчтүү жетекчилер болсо, анын эч жамандыгы жок. Бирок, Крыштановскаянын айтымында, алардын бийликке келгени менен өлкөдөгү жалпы маанай дагы өзгөрүп баратат: "Коопсуздук кызматынан келгендердин ой жүгүртүүсү ички жана тышкы саясатта көрүнө баштады. Эмки саясат - душман издөөгө негизделет. Биздин калк азыр - Орусиянын досу ким экенин билбейт. Душман ким экенин алар дароо атайт жана ал тизменин башында АКШ турат, Орусиянын досу ким дегенде болсо, алар бир гана өлкөнү - Беларусту атайт", - дейт Ольга Крыштановская.

XS
SM
MD
LG