Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

ИРАКТЫН АППЕЛЯЦИЯЛЫК СОТУ САДДАМ ХУСЕЙНГЕ ЧЫГАРЫЛГАН ӨКҮМДҮ КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ


Зейнеп Мартбек кызы (Алтымышова) Ирактын аппеляциялык сотунун чечими боюнча Саддам Хусейнге чыгарылган өлүм өкүмү күчүндө калтырылып, ал 30 күндүн ичинде ишке ашырылат. Сот Саддам Хусейнди адам баласына каршы кылмыш жасаган деп тапты. Вашингтон Хусейнге чыгарылган өкүмдү кубаттап, өлкөдө канкор башчынын бийлигин мыйзамдуу бийлик менен алмаштырууга жол ачылды деп билдирди. Бул өкүм Иракта чоң толкундоолорго алып келиши мүмкүнбү? Укук коргоочулар жана Ирактын тургундары бул чечимди кандай кабыл алышты?

Ирактын мурдагы диктатору 148 шиини өлтүргөн деген күнөө менен 5-ноябрда өлүм жазасына кесилген. Аппеляциялык сот бул өкүмдү күчүндө калтырды. Хуссейндин бир тууган иниси Барзан аль-Тикрити жана мурдагы сот Оад аль-Бандирге да ушундай өкүм чыгарылган. Ирактын аппеляциялык сотунун жетекчиси Ариф Абд аль-Раззак ал Шахин кандай болгон күндө да ушундай чечим чыгарылмак деп билдирди. Эми бул чечим президент Жалал Талабани жана эки вице-президент тарабынан жактырылышы керек. Президент Талабани бир вице-президентке юридикалык документтерге кол коюу укугун алдын-ала берди. Эми Талабани бул жараянды Хуссейнге карата да колдонот деп күтүлүүдө. Ал эми атын атабаган соттун кызматкери президент чечимди жактабаса дагы соттун өкүмү аткарылат деп билдирди. Бирок ал кандай жол менен ишке ашаарын тактаган жок.

Соттун чечими ар кыл кабыл алынды. Шиилер чечимди колдоду. Ал эми Саддам Хусейндин доорунда саясий колдоого ээ болгон суннилер мындай өкүмдү алардан өч алуу аркети деп баалашууда. Сурамжылоого ылайык, көпчүлүк ирактыктар Хусейнге чыгарылган өкүмдү колдошот. Бирок соттун чечимин колдобогондор дагы жок эмес:

"Ачыгын айтсам мен Саддам Хуссейнге карата кабыл алынган чечимди колдобойт элем. Себеби, аны дарга асышса өлкөдөгү кырдаал мындан дагы курчуйт. Бул биздин кызыкчылыгыбызды көздөбөйт. Биз тынчтыкта жана коопсуздукта жашагыбыз келет."

Бул Багдад шаарынын тургуну Атхирдин пикири болду. Ал эми Мухаммад Насир сот өкүмүн бир нече айга токтото турса болмок деген пикириде:

"Менимче, бул акыйкат чечим. Себеби Саддам Хуссейн өзүн жакшы жактан көрсөтө алган жок. Бирок соттун чечими үчүн убакыт туура эмес тандалып алынды. Анткени, учурда Ирактын эли бири-бирине касташып калды. Андыктан өкүм бир ай же андан кечирээк аткарылса болмок."

Вашингтон Хусейинге чыгарылган өкүмдү кубаттады, ал эми Эл аралык мунапыс укук коргоо уюму бул чечимди адилетсиз деп атап, Саддам Хусейнди өлүм жазасына тартпоого чакырды. Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюмунун өкүлү Том Портеустун пикири мындай:

"Саддам Хусейндин режими тушунда бир топ кылмыштар болгонун мыйзам жолу менен далилдөө үчүн бизде бир топ мүмкүнчүлүк болгонун сезип жатабыз. Бирок, сот көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, чын эле ошол адамдар Хусейндин режиминин курмандыктары болгонун далилдөө кыйын болуп калды".

Саддам Хусейнге карата сот иши азыр да уланууда. Ага 80-жылдары 180 миң шиини өлтүргөн деген айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG