Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ДАРЫГА МОЮН БЕРБЕГЕН КУРГАК УЧУКТУН ЖАҢЫ ТҮРҮ ЖАЙЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, дүйнө жүзү боюнча азыр эң жаңы дарыларга туруштук бере ала турган кургак учуктун жаңы түрү жайылып баратат. Сексенге жакын мамлекетте өткөрүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, туберкулездун андай түрү Казакстан же Өзбекстанга гана эмес, салыштырмалуу таза Балтик жумурияттарына дагы тараган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маселе тууралуу алгач 7-8-сентябрда Түштүк Африка жумуриятынын Йоханнесбург шаарында өткөн ири эл аралык конференцияда айткан. Британиялык "Ланцет" журналы болсо декабрдын башында чыккан санында - маселе мурда ойлогондон алда канча оор экен деп билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жакында 79 мамлекетте атайын изилдөө жүргүздү жана текшерилген адамдардын үчтөн биринде - кургак учуктун дарыларга туруштук берген бактериялары табылды. Алгач андай бактериялар Түштүк Африка жумуриятынын КваЗулу-Натан деген провинциясында 2005-жылы табылган.

Андан кийин башка өлкөлөрдө дагы кеңири изилдөө жүргүзүлгөн жана аларда 2005-жылга чейинки учурлар дагы текшерилген. Натыйжада, туберкулез менен ооруган адамдардын орто эсеп менен бир пайызында - дарыларга моюн бербеген бактериялар пайда болгону аныкталган.

Бирок сегиз мамлекет же аймакта андай оорулуулардын саны алда канча жогору болуп чыгып, алты пайыздан ашты жана бул факт азыр доктурлар менен изилдөөчүлөрдү бушайманга салууда.

Казакстанда андай адамдардын саны 14,2, Өзбекстанда 13,8, Эстонияда 12,2, Кытайдын Ляониң провинциясына 10,4, Литвада 9,4, Латвияда 9,3, Кытайдын Хэнан провинциясында 7,8 пайызды түзгөн.

Андан тышкары Орусиянын Томск облусундагы абал дагы өтө оор жана кургак учуктун жаңы түрүнө чалдыккан адамдардын 60 пайызы үч мамлекет - Индия, Кытай жана Орусияга туура келет. Казакстанда туберкулез менен жаңы ооругандардын 57 пайызында - дарыларга моюн бербеген бактериялар табылган.

Эксперттердин айтымында, атайын антибиотиктер кургак учукту жакшы эле айыктырат, бирок бактериялар мутация болуп, анын жаңы түрлөрү чыгууда. Андан тышкары маселени - оорулуулар дары кабыл алуу тартибин бузганы татаалдантууда. Мисал үчүн, дарыланууга киришкен адамдын абалы жакшыра баштаганда, ал дары кабыл алууну айрым учурларда токтотуп салат же тартипти өзгөртөт жана анын найтыжасында организмдеги бактериялардын баары өлбөстөн, өз учурун күтүп жатып калат.

"Ооруга чалдыккандарды өзүнө койсо, алар бир же эки ай дарылангандан кийин абалы жакшыра баштаганда, тартипти оңой эле бузууга киришет жана, мисал үчүн, төрт дарынын ордуна бир же эки гана дары иче баштайт", - - дейт изилдөө жүргүзгөндөрдүн бири Марио Равильоне.

Париж шаарындагы Пастер институтунда иштеген Оливье Нейрол жүргүзгөн изилдөө көрсөткөндөй болсо, андай бактериялар организмдин майына жашынат, антибиотиктер болсо кан тамырлары аркылуу андай май клеткаларына жете албайт.

XS
SM
MD
LG