Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

КЫТАЙДА СӨЗ ЭРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ ҮЧҮН АЛДЫҢКЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КОЛДОНУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы жылдардагы Кытайдын өнүгүүсү айрым борбор азиялык жетекчилерди суктандырууда. Экономикалык жактан Кытай чындап эле эбегейсиз өсүп баратат, бирок өлкөдөгү тартип коммунисттик бойдон калып, анын авторитардык бийлиги адам укуктарын жана сөз эркиндигин басуу үчүн илим менен технологиянын эң алдыңкы жетишкендиктерин пайдаланып жатат.

Калкы бир миллиард адамдан ашык жана миңдеген жылдык тарыхка ээ Кытай салмактуу аракеттенет жана анын төрагасы Ху Цзинтао бийликти колуна шашпастан чогултуп келатат. Кытай компартиясынын жетекчилигине ал 2002-жылы келген, өлкө төрагасы болуп 2003-жылы шайланды, Кытайдын куралдуу күчтөрүн башкарууга 2004-жылы жетти. Азыр болсо Ху өлкөнүн ар башка тармактарындагы мурдагы жетекчилерди шашпастан өз адамдары менен алмаштырууда.

Анткен менен өлкө бийлиги жалпысынан - мындан көптөгөн жыл мурда төрага Дэн Саяопин аныктаган багытта аракеттенип, экономиканы капиталистик нукта, жалпы саясатты болсо коммунисттик-авторитардык маанайда улантууда. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү борбор азиялык жетекчилерди гана эмес, айрым Батыш адамдарын да канчалык суктандырса, дүйнөдөгү технологиялык жетишкендиктер авторитардык бийликтин колуна тийгени ошончолук чочулоо да жаратууда.

Мисал үчүн, акыркы жылдарда интернет дүйнө жүзүндө эбегейсиз өнүгүп, дээрлик ар бир адамдын күнүмдүк турмушуна кирди. Бирок, сөз эркиндигинин шарттуу белгисине айланган интернет технологиясынын жетишкендиктерин кытай бийлиги өз кызыкчылыгында пайдаланып, аларды дал ошол сөз эркиндиги менен адам укуктарын чектөө максатында пайдалана баштады.

Жана Бээжиндин андай чектөө аракеттерине - өлкөнүн эбегейсиз экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, киреше табуу үчүн Кытайга келген Батыш компаниялары дагы айрым учурларда көмөктөшүп калууда. Мисал үчүн баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан Amnesty International уюму үстүбүздөгү жылы Google, Yahoo! жана Microsoft деген үч атактуу компанияны күнөөлөп чыкты.

Өкмөттүкүнөн айырмаланган пикирди Кытайда ачык айтуу мүмкүн эмес болгондуктан, айрым адамдар кайсы бир окуялар же идеялар тууралуу кабарларды интернет же электрондук почта аркылуу өзүнүкүнөн башка ысымдарга жашынып таратат. Кытай өкмөтүнүн талабы менен Yahoo! компаниясы андай маалымат жиберген кеминде эки журналистти Бээжинге таап берген жана алар кийин соттолуп, эркинен ажыратылган.

Microsoft фирмасы "блог" деп аталган интернет-күндөлүк жазуу системасын Кытайда киргизүүдөн Бээжиндин талабы менен баш тарткан. Google компаниясы болсо Кытайда өзүнүн издөө системасын киргизгенде, аны цензура орнотуу мүмкүнчүлүгү менен дагы жабдыган жана кыйноо, демократия же сөз эркиндиги тууралуу маалымат таратууга же тоскоолдуктар түзүлөт, же андай сөздөрдү колдонгон адамдарды ылдам таап алуу мүмкүн.

Amnesty International бул үч компанияны сынга алып, алар өз аракеттерин ачык жүргүзүүгө тийиш деп билдирди жана Кытайдын авторитардык бийлигинин талаптарын аткаруу менен алар Батыштагы эркин коом принциптерин бузуп жатат деп күнөөлөдү.

Сынга кабылгандан кийин Google - ал Кытайда киргизген интернет систамаларында чектөөлөр бар экенин өз кардарларына ачык маалымат берүүгө макул болду жана өкмөткө жакпай калышы мүмкүн болгон маалымат таратууну көздөгөндөр анын кызматынан пайдалануудан баш тарта алат.

Айрымдар бул компанияларды коргоп, алар Кытайда иштегенде, Кытайдын мыйзамдарына баш ийүүгө тийиш деп билдирүүдө. Бирок, Amnesty International уюмунун айтымында, Кытайдын конституциясында - өлкөдө сөз эркиндиги урматталат деп жазылган жана Бээжин дагы, Кытайда иштеген Батыш компаниялары дагы конституциянын ал беренесин урматташ керек.

XS
SM
MD
LG