Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ИРАК САЯСАТЫНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ЯНВАРДА АЙТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 28-декабрда АКШ президенти Техас штатында журналисттер менен жолугуп, Ирак маселеси үстүндө катуу иштеп жатканы жөнүндө билдирди. Америка эли арасында болсо Ирак согушуна колдоо көрсөткөндөрдүн саны азайып баратат.

"Си-эн-эн" сыналгысы жакында өткөргөн элдик сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ калкы арасында президент Жорж Буш Ирак саясатын кантип жүргүзүп жатканына суралгандардын 28 гана пайызы колдоо көрсөткөн, октябрдагы сандан бул алты пайызга төмөн.

Ирактагы согуштун башкарылып жатканын суралгандардын 70 пайызы туура эмес деп тапкан, мынчалык көп адам Америкада мурда Ирак согушуна каршы чыккан эмес.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Конгресс тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Ирак маселесин изилдеп жатканда, президент Жорж Буш - Ирак саясатына өзгөртүүлөр ошол комиссиянын сунуштарына жараша киргизилет деп билдирген. Комиссия өз отчетун 6-декабрда жарыялады жана АКШ өз аскерлерин Ирактан 2008-жылдын биринчи чейрегине чейин чыгарып кетиш керек, Ирактын негизги кошуна мамлекеттери Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүгө тийиш деп сунуштады.

Докладдын чыгаар алдында болсо Буш - Ирак саясатын өзгөртүү үчүн жалаң эле ал комиссиянын сунуштары жетиштүү эмес, бул маселе боюнча коргоо министрлиги, мамлекеттик катчылык жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңеш өз алдынча отчетторду даярдайт жана ошолордун сунуштарын дагы эске алуу абзел деп билдирген. Алар өз өтчетторун эки аптанын ичинде даярдап чыгармак.

Кандай өзгөртүүлөр боло турганы жөнүндө президент Жаңы жыл алдында жарыяламак, бирок кийин - андай жарыя Жаңы жылдан кийин гана болот деп айтыла баштады. Январдын жыйырма үчүндө президент Буш өлкөдөгү абал тууралуу кезектеги кайрылуу менен чыгыш керек жана Вашингтондогу байкоочулар эми - Ирак саясатындагы өзгөрүүлөр жөнүндө Буш ошол 23-январга чейинки мезгилде жарыя жасашы мүмкүн деп билдирүүдө.

28-декабрда болсо президент Буш Техас штатындагы өзүнүн ранчосунда вице-президент Дик Чейни, коргоо министри Роберт Гейтс, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс жана өлкөнүн Аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун башчысы генерал Питер Пейс менен жолугуп, маселени талкуулады.

Жыйындан кийин президент журналисттер алдында сүйлөп, маселени чечүүдө бир топ жылыш болду жана дагы жаңы сүйлөшүүлөр керек деп билдирди, бирок журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

-Мен дагы бир топ консультация өткөрүш керекмин жана андан кийин Ирак өкмөтү менен дагы иштелип чыккан планды талкуулайм. Ирак жетекчилиги менен биз иштешүүгө тийиш экенибиз анык. Иракта ийгиликке жетиш үчүн, анын өкмөтү - өлкөнүн жаш демократиясынын жеңишине тоскоолдук түзүп жаткан күчтөр менен диалог жүргүзүүгө даяр болуш керек, - деди президент Буш.

Иракка болсо жакында 3300 кошумча америкалык аскер жиберилди, анткени Ирактын өзүнүн куралдуу күчтөрү жана полициясы өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга азырынча даяр эмес.

XS
SM
MD
LG