Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

ОРУСИЯ ТӨРАГА БОЛДУ, АБРОЙ КҮТӨ АЛГАН ЖОК


Жаңыл Жусупжан, Прага Лидерлик касиет, адам укуктары, демокртия, экономикалык өсүш жагынан алганда Орусияны дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрүн алдыңкы тобуна кошуу кыйын, ошого карабастан Орусия 2006-жылы мындай өлкөлөрдүн сегизи кирген тобуна башчылык кылды. Арийне, өткөн жылы Маскөө өзүн дүйнөлүк лидер катары көрсөтө алды деп айтыш кыйын.

Дүйнөлүк эң өнүккөн сегиз өлкөнүн бири катары элиттик топко кабыл алынган Орусия өткөн январда бул топтун президенттик вазийпасын Улуу Британиядан өткөрүп алган эле. Арийне, президенттик ызы-чуу менен башталып, чуру-чуу менен аяктады.

Жыл башында өлкө жаратылыш газынын баасы боюнча Украина менен ит жыгылыш болду. Бул чатактан улам Батыш Маскөөнү энергия булагын куралга айландырып жатат деп айыптап, өлкөнүн ишенимдүү шерик боло алаарынан күмөн саноо күчөдү.

Ал эми жаңы 2007-жылдын алдында Орусия төрагалык кызматын Германияга өткөрүп бергенге даярданып жатканда, Кремль менен Беларустун ортосунда эми газдын баасы боюнча чатак чыгып, ошондой эле экс-тынчы Александр Литвиненко менен журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө орус бийликтеринин тийешеси бар болуш керек деген кооптонуу көпчүлүктүн көнүлүндө болуп жатат.

Ошентип, 2006-жыл өлкөнүн жылдызы жанган жыл болот деген үмүттөр таш каап, орустардын ындыны өчүп турган чак. Айрыкча июнда Санк-Петербургда өткөн Сегиз Дөө Шаанын самитине байланыштуу төрагалык кызмат Орусияны ишенимдүү шерик болууга шыктандырат деп үмүттөнүшкөн.

Бирок Херитиж же Мурас корунун Маскөөдөгү кеңсесинин өкүлү Евгений Волк белгилегендей, Орусиянын да, Батыштын да үмүттөрү акталган жок.

- Эки тараптын тең Орусиянын төрага болушунан ичи чыккан жок. Орусия Батыш менен алакасын жакшыртып, өз аброюн көтөрмөлөп, Батыштагы энергетика державасы болууга ниеттенген. Батыш өз кезегинде Орусиянын энергетика базарына кирүү максатына, ошондой эле Днестр, Абхазия жана Түштүк Осетиядагы дымып калган жаңжалдарды жөнгө салууда Маскөө сөзгө келет деген үмүтүнө жете алган жок,-Волк.

Лондондук саясат изилдөөчү Жеймс Никси белгилегендей, кеп мында Сегиз Дөө шаанын тобу өңдөнгөн уюмдун көп тараптуулугуна карата Орусия менен Батыштын ар кандай көз карашта экендигинде да болду:

- Көп тараптуулук дегенде орустар башка нерсени түшүнөт. Эл аралык уюмга киргенден кийин анын эрежелерине баш ийип, бир эле мезгилде ал эрежелер сизге жакшы да, жаман да жагынан таасир тийгизээрине даяр болушуңуз керек?-
деп белгилейт изилдөөчү.

Деген менен Орусиянын дүйнөдөгү эң бай жана эң таасирлүү өлкөлөр кирген уюмга төрагалык кылышы Маскөөнүн аброюн аз да болсо көтөрбөй койгон жок, ал эми көпчүлүктүн "орустар бул уюмга кирүүгө татыктуу эмес" деп ойлошкону – башка маселе.

XS
SM
MD
LG