Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “ПРЕЗИДЕНТТИН БҮГҮНКҮ СҮЙЛӨГӨНҮ КОРКУТУУ, ҮРКҮТҮҮ… »


(Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаровдун 2006-жылдын 30-декабрында парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы )

Мен ойлойм… Президенттин кезектеги шантажын… мен эскерткем депутаттарга “это шантаж” деп… тандемдин шантажы. Жана айтын жаткан нерселердин бардыгын мына ушул жерде отуруп алып 2 кун кун тартибине киргизип… ким келбей койду? Өкмөт келбей койгон ХИПКти карап жатканда. Мен ошондо айткамын, Президент келет да, бизге төңкөйт деп. Мынаке. Мен сиздерге караганда көбүрөөк Президентке жакынмын деп эскерткем. Көрдүңөрбү, балдар, коллегалар. Кылаардын иши, беттин… бети жок бул тандемдин.

Мына ошондуктан мен айтарым, Марат Абдуразакович, Президенттин бүгүнкү келгени – коркутуу, үркүтүү. Корко турган эч нерсебиз жок. Өзү корксун. Шайло өткорө албайт. Шайлоо дайындап көрсүн. Анти-конституционный шайлоо дайындап көрсүн. Ошондуктан мен токтом киргизгемин. Урматтуу коллегалар, мүмкүн болсо, Президенттин досрочный выборун биз дайындап койолу. Мен сунуш кылам… Марат Абдуразакович бул долбоорду колго коюп койуңуз.

Конституционный судка… Мына бул жерде конституционный суд деп жатат. Мен айтаарым, вообще, сот органдары бул жерге келишке укугу жок, Чолпон Турсуновна, сиздин дагы. Курманбек Эргешович, как дежурный, күндө турат ушул жерде. Эртең биз кимге кайрылабыз? Кимге? А эмне деген мамлекет куруп жатабыз. Урматтуу коллегалар, миңдеген кыргызстандыктар бизди карап турат. Мага ушул полномочиени бербей койдунар деп, жанагы, осурган кыз осурбаган кыздын бетип тырмап келип, бизге кылган эмне деген жорук бул. Ушул Президентпи? Пусть, колунан келсе, азыр бомбасын таштап жиберсин мага.

Ай, кайран кыргыздын шору. Мынаке, келди да, коркутуп, “алып бер”, “эртең отур, бирсүгүнү отур, мынабуну кылып бер”. Ушул мамлекет башы, журт башынын сөзүбү? Ай, каяка баратабыз? Мен суранам, урматтуу коллегалар, тарыхий момент келип атат. Колдогула демилгени. Мамлекетти, улутту таратып жибербей, колго алып туруп азыр ушул кризистен чыгып кетели. Булардын – Кулов менен Бакиевдин тандеми – бизди жок кылып, мамлекетти жок кылыш. Канында кыргыз болбосо, кыргыздын каны болбосо, бүгүнкү отурган бийликтеглердин бардыгы, анан каяктан биз үчүн күйөт булар, өзүнүн кызыкчылыктары үчүн күйөт. Мен сиздерден суранарым, тарыхий чечим алса, алалы. Улутубузду, мамлекетибизди сактап калалы бүгүн. Мына, мен айткан болдубу? Бизге соомойун сүйөп туруп кетет дегенмин, мен жакшы билем бул кишини дегенмин. Мына. Сүйөп туруп кетти.

XS
SM
MD
LG