Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

САДДАМДЫН ӨЛҮМҮ ИРАКТАГЫ ЖИКТЕЛҮҮНҮ ТЕРЕҢДЕТТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Саддам Хусейиндин дарга асылганын түшүрүп алган видеотасма интернет аркылуу таркатылып, өлкөдө террордук кол салуулардын жаңы толкунуна шыкак болду. Байкоочулар Ирактагы сектанттык жиктелүү ого бетер тереңдейт деп жатышат. Хусейиндин өлүмү Буш администрациясы Ирак боюнча жаңы стратегиясын ачыктаганы жаткан маалга туш келди.

Ишемби күнү таңга маал, жуп азан чакырылаар алдында ишке ашырылган өкүм кимдир-бирөөлөр тарабынан чөнтөк телефондун видеокамерасы аркылуу тасмага тартылып алынып, интернетке жайгаштырылды.

Курман Айт күнү расмий бийликтер Саддамдын дарга асылганын сыналгыда көрсөтүшкөн видео тасманын үнү жок эле, бирок кийинчерээк интернетте башка видео тасма жарыяланып, андагы жазылган үндүн мазмуну миллиондогон сунни ирактыктардын кыжырын келтирди.

Ирактыктар интернеттеги видео тасма аркылуу Саддамга өлөөр алдында келме келтирүүгө мүмкүндүк берилбей, кордук көрсөтүлгөнүнө күбө болушту.

Дарга асууга күбө болуп тургандардын ичинен бир-эки киши "Мухтада, Мухтада" деп кыйкырып, ирактык шийилердин диний көсөмү Мухтада ас-Садрды даңазалап жатышса, бир канчасы "канга-кан" деп кыйкырып, кыбаасын кандырышты.

Андан соң бир үн айланадагыларды тынчтандырып, Саддам Хусейинге акыркы саамда келме келтирүүгө мүмкүндүк берилди.

Видеотасманын интернет аркылуу көрсөтүлүшү шийилер менен суннилердин ортосундагы душмандык жиктелүүнү ого бетер күчөттү. Ансыз да кыжырданып турган жүздөгөн суннилер демонстрацияга чыгып, расмий Багдадга нааразылык билдирип жатышты.

- Биз Мухамбет пайгамбардын элине жана бүткүл Ислам элине Мужахит (ыйык казатчы) Саддам Хусейиндин өлгөнүнө байланыштуу көңүл айтабыз, анын ыйманы саламат болсун. Биз эр жүрөк Баас партиясына анын жетекчиси Саддам Хусейиндин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтабыз, - деди бетине беткеп тагынган демонстранттардын бири дүйшөмбү күнү ал-Дужайлда өткөн митингде.

Ирактык суннилер өлүм жазасынын дал Курман Айт күнү ишке ашырылганына да ачууланып жатышат.

Буга байланыштуу Иракта "АКШ мусулмандарды кордош үчүн өкүмдү атайын майрам учурунда ишке ашыртты" деген айың кептер тарады.

Бирок Кошмо Штаттар бул айыпты четке какты. Ал эми Британиянын Дэйли Телеграф гезити АКШнын Ирактагы элчиси Ирак өкмөтүнөн өкүмдү ишке ашырууну эки жумага кийинкиге жылдырууну өтүнгөнүн, бирок өкмөт ага көңүл бурбай койгондугун жазып чыкты.

Саддам Хусейин шийилер жашаган Дуржал шаарынын 148 тургунун өлтүрткөн деген айып менен дарга асылды. 1980-жылдарда Саддам Дуржал шаарында кетип бараткан кезде ага кол салуу болуп, шаар тургундары катаал жазалоого дуушар болгон.

Эми анын аралыгында президент Буштун администрациясы Ирак боюнча жаңы стратегиясын жарыялоонун алдында турат.

Көз карандысыз комиссия Ирактагы аскерлердин санын азайтууну жана коопсуздукту камсыз кылууну Ирак аскерлерине өткөрүп берүүнү сунуш кылган.

Ал эми президент Буш болсо, маалыматтарга караганда, Ирактагы абалды турукташтыруу үчүн азыркы 140 миң америкалык жоокерге дагы 20-30 миңдей жоокерди жардамга жиберүүгө ниеттенип жатканы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG