Ливия өкмөтүнүн билдиришинче мурдагы Ирак президентинин эстелиги Ливиянын улуттук баатыры Омар Мухтардын айкелинин жанына орнотулат. Омар Мухтар 1930-жылдары италиялык баскынчыларга каршы күрөштү жетектегени үчүн дарга асылган. Ливияда 30-декабрда Курбан айттын ордуна Саддамды эскерип аза күтүлгөн.