Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

БЕСЛАН ОКУЯСЫН КАЙРА ТЕРИШТИРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 2004-жылы 1-3-сентябрда Бесланда террорчулар миңден ашуун мектеп окуучулары менен чоңдорду барымтага алып, террордук актыдан 333 киши, алардын ичинде 186 бала курман болгон. Ошол дүйнөлүк коомчулукка кеңири маалым болгон окуяны изилдөө үчүн Орусияда парламенттик комиссия түзүлгөн. Өткөн жылдын этегинде ал комиссия тараптан даярдалган докладды Мамдума кабыл алган. Анализчилер Беслан кайгылуу окуясы боюнча атайын уюштурулган комиссия бийлик койгон талапка ылайык жыйынтык чыгарганын айтышат. Ошол себептүү «Беслан үнү» комитети адилеттүүлүктү эми Страсбургдагы Адам укугу боюнча европалык соттон издей тургандыгын билдирүүдө.

Бесланда 2004-жылы 1-сентябрда барымтага алынгандар эсеби Юрий Савельевдин изилдөөсү боюнча 1128 кишиге жетет. Сенатор Александр Торшин жетектеген ырасмий комиссиянын эсеби азырынча белгисиз, ал басылмаларда жарыялана элек. Бирок, комиссиянын Мамдумада жасаган маалымдоосуна караганда, террочулар эсеби туура 32 болгон, алардын отуз бири жок кылынып, бирөө - Нурпаши Кулаев тирүү кармалган жана сот анын бүт өмүрү түрмөдө өтсүн деген өкүм чыгарган.
Ал эми өз алдынча иликтөө жүргүзгөн Мамдуманын депутаты Юрий Савельевдин эсеби боюнча Бесландагы №1-мектепти барымтага басып алган террорчулар саны бери дегенде 56, ары жагы 78ге жеткен. Эгерде бул жыйынтык чын болсо анда бийлик кыйла кылмышкерлерди куткарып ийген деп айтышуда.

Техника илимдердин доктору, жардыруу боюнча эксперт Савельевдин иликтөөсүнө караганда ок тыштан атылган. Эмне дегенде терезенин айнектери ичтеги кишилердин денесине сайылып калган. Парламенттик комиссия болсо муну четке каккан.

«Бесландагы террордук актыны уюштургандар Масхадов, Басаев, Абу-Дзейт жана Хашиев болушкан. Террордук актыны түздөн түз башкарып өткөргөн – Хужбаров болгон», - деди cенатор Торшин мамлекеттик сыналгылардан айткан жарыясында.

Анализчилер болсо коомчулуктун парламенттик комиссиядан күткөнү - спорт залдагы жардыруу, өрттүн эмне себептен эки сааттан ашык убакка дейре өчүрүлбөшү, мектептин танк менен аткыланышы, барымтага алынгандар менен барымтачылар жалпы эсеби болгон дешет.

Парламенттик комиссиянын бир жактуу жыйынтык чыгарышына мурдатан көзү жеткендигин «Беслан үнү» комитетинин жетекчиси Элла Кисаева айтат:

«Торшин адилет иликтөөгө кызыккан болсо анда ал өзүнүн иликтөөсүнүн (тийешелүү – ММ) бөлүгүн Савельев менен бирдикте иштеп чыгышы керек болуучу».

Белгилүү саясатчы Станислав Белковскийдин болжолунда, «чындыгында (Беслан мектебиндеги – ММ) барымтадагылар менен барымтачыларга алгач болуп ок атуу орусиялык атайын кызматчылар тарптан болгон. Эмне дегенде ал учурга дейре Владимир Путин эч кандай чечим кабыл ала алган эмес… Дагы биртке турганда Кремль чечен жикчилдери менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аргасыз болмок экен.»

XS
SM
MD
LG