Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

“БООРДУ ЭЗГЕН БОРКОЛДОЙЛОР”


Бишкекте “Тунгуч” тамаша театрынын “Боорду эзген борколдойлор” аттуу концерти жүрүп жатат.

"Тунгуч" тамаша театры негизинен дайыма жаңырган жылдын башында концертин тартуулап, ар бир программасында театралдаштырылган оюн-зоок көрсөткөнгө аракеттенишет. Мисалы, өткөн жылкы концертин “Тамашакөйлөрдүн айылында” деп аташып, элет жашоосун чагылдырышкан. Ал эми бул жолку “Боорду эзген борколдойлор” аттуу програмасында жашоодо ар түрдүү адамдар бар экенин көрсөтүшүп, алардын кылык-жоруктарын чагылдырат. Программанын режиссеру Мурат Мамбетовдун айтымында концертте ошондой эле “Тунгуч” театрынын мурдагы ойнолгон эски тамашаларынан дагы үзүндүлөр көрсөтүлөт.

Ал эми концертте ырдалчу ырлар жана тамашалардын көпчүлүгү театрдын эмгек жамааты жараткан чыгармалар. Мына ошол ырлар ырдалып жатканда театрдын жамааты тартылган клиптер да көрсөтүлүп турат. Театрдын актеру Эгемберди Чалабаевдин айтымында, бул концертти элге тартуулап эле тим болбостон андан ары улантып, көрүнүктүү бир маданий долбоорду ишке ашырышмакчы.

-Жылда эле концерт койгондо өзүнчө бир теманы алып алып, ошол теманын үстүндө иштейбиз, муну эл билет. Бул жолу да бир окуянын өзөгүн алып, ошону чагылдырганга аракет кылып жатабыз. Бул концерттин келечеги бар, себеби биз чоң бир долбоордун үстүндө иштеп жатабыз.

“Боорду эзген борколдойлор” тамаша концерти Бишкекте 14-январга чейин созулат, андан соң бул программасы менен "Тунгуч" театрынын артисттери өлкөнүн аймактарын кыдырышып,элет тургундарына тартуулашмакчы.
XS
SM
MD
LG