Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

ИРАН УРАН БАЙЫТУУНУ ТОКТОТО ТУРГАН ТҮРҮ ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Ирандын атомдук программасына байланыштуу атайын резолюция кабыл алып, өлкөгө санкция киргизгенине карабастан, Иран уран байытууну токтотпой турганын айтууда. Ошол эле маалда Ирандын реформачыл саясатчыларынын арасында өкмөттүн мындай позициясына каршы чыккандар көбөйүүдө.

Ирандын жетекчилиги Улуттар уюмунун декабрь айында кабыл алган резолюциясын "мыйзамсыз" деп сыпаттап, ядролук программасынын үстүндө иштөөнү уланта берерин билдирди. Ошону менен бирге Иран ага каршы киргизилген санкциялар атомдук программаны ишке ашырууга тоскоол боло албай, деп белгиледи.

Резолюция кабыл алынгандан төрт күн өткөндөн кийин Ирандын парламенти өкмөттү Эл аралык атомдук энергия агенттиги менен кызматашуунун форматын кайра карап чыгууга милдеттендирди. Парламенттин спикери Голам Али Хадад Иран эл аралык кысмакка жооп кайтарууга тийиш, деп талап кылды.

«Парламент өкмөттүн аракеттерин МАГАТЭнин алкагы менен чектебөөнү, Иранга көрсөтүлүп жаткан кысмакка өз убагында жана тийешелүү жооп кайтарууну талап кылат», - деди Хадад Адел.

Бирок Иран өкмөтүнүн мындай таймашкан турумуна кабатыр болгондор көбөйүүдө. Акыркы апталардын ичинде Ирандын мурдагы жетекчилеринин бир даары декабрдын 23дө кабыл алынган резолюция өлкөгө каршы экономикалык санкциялардын киргизилишине алып келип, анын натыйжасында Ирандын чарбасы жабыркайт дей башташты.

Коопсуздук кеңеши уранды байытууну токтотууга Иранга эки айлык убакыт берген. Бирок Тегерандын бул талапты аткара турган түрү жок.
Өткөн жумада Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн топтун мурдагы мүчөсү, парламенттин депутаты Хусейин Мусавиан Иран сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келиши керек, деп билдирди. Ошону менен бирге эле ал президент Махмуд Ахмадинежатты Улуттар юумунун санкцияларын алдын ала албады жана Холокост жөнүндө конференция уюштуруу менен эки ортодогу мамилелерге залака тийгизди, деп айыптады. Ушундай эле сын пикирлерин Ирандын эң ири реформачыл партиясы Исламдык Ирандын Катышуу Фронту да билдирди. Ал эми өлкөнүн мурдагы мунай министри Али Акбар Моинфар декабрде "Фарда радиосуна" берген маалыматында Ирандын атомдук программасы өлкөнүн ички проблемаларын, Иран элинин проблемаларын көлөкөдө калтырып жатканын айтты.

«Тилекке каршы чет өлкөлөрдө, Ирандын өзүндө деле көңүлдүн баары атомдук программага бурулуп, Иран элинини мүдөөсү көлөкөдө калып жатат. Ирандыктар үчүн адам укуктары эң маанилүү нерсе. Биздин негизги милдетибиз -адам укуктары расмий таанылууга тийиш»,- деди Моинфар.

XS
SM
MD
LG