Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

АКШ-ИРАК: ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯ СЕНАТОРЛОРГО ЖАККАН ЖОК


Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ үч саат бою президент Жорж Буштун Ирактагы жаңы стратегиясына байланыштуу америкалык сенаторлордун обурлуу суроо-сопкуттарына жооп берди. Администрациянын жаңы саясатын оппозициядагы демократтар менен бирге президенттин республикачыл партиялаштары да катуу сынга алышты.

Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы,демократ-сенатор Жозеф Байден президент Буштан эки нерсени – Ирактан аскерлерди чыгаруу жана Иракта туруктуу абал түзүү жолдорун айтат деп үмүт кылганын,анын ордуна согушту улантуу тууралуу планды укканын өкүнүү менен белгиледи. Бул согушка эми Иран менен Сирия да тартылып калышы ажеп эместигин эске салып,сенатор президенттин стратегиясын “кесирлүү каталыкка” жоруду.

Демократтардын дагы бир өкүлү сенатор Рассел Фейнголд Ирактагы согушту дегеле АКШнын тышкы саясатынын тарыхындагы эң чоң чекилик катары баалады. Буштун стратегиясы, Фейнголддун айтымында, коомчулуктун эркине, АКШнын чет өлкөлөрдөгү таламдарына жана улуттук кооопсуздугуна каршы келет. Ошондуктан конгрессти ал өзүнүн башкы бийлигин – “капчыктын бийлигин” колдонуп, согушту каржылоону токтотууга чакырды. “Капчыктын күчүн биздин аскерлерди Ирактан чыгаруу үчүн пайдалана турган учур келди”, - деп айтты Фейнголд.

Буштун стратегиясын республикачыл партиянын өкүлдөрү да сынга алышты. Алардын бири сенатор Чук Хагелдин айтымында, “президенттин кечээки сөздөрү ишке ашса, анда бул Вьетнам согушунан берки тышкы саясаттагы эң одоно жана кооптуу каталык болуп калат”.

Республикачылардын таанымал өкүлү Ричард Лугар болсо Ирактагы иштер Ирандагы абалга таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Сүннүлөрдүн өкүлү Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин Ирактагы таасирин жайылтканга Иранга мүмкүндүк ачылды. Ирактагы шейит өкмөтүнө же түштүктөгү шейиттердин колдоосуна таянып,Иран Сауд Арапстанга, Иорданияга,Египетке жана башка арап өлкөлөрүнө олуттуу кооп туудурушу ыктымал, деп көрсөттү Лугар.

Кондолиза Райс президенттин пландарын коргоп,жаңы стратегия Багдаддагы коопсуздукту камсыз кылууга арналганын белгиледи. Түпкүлүгүндө болсо,Райстын айтымында, Ирак кандай коом болот, мунун жоопкерчилиги негизинен ирактыктардын өзүнө жүктөлөт. Өлкөнү байырлаган бардык калкты бириктирген коом болууну каалайбы же мазап-мазапка,тайпа-тайпага бөлүнгөн коом болгусу келеби, муну ирактыктар өздөрү гана чече алат. АКШнын стратегиясы ирактыктарга ушул эки жолдун алгылыктуусун тандап алганга көмөктөшүүдө турат.

Райс Ирактагы кырдаалды курчуткусу келген ар кандай өлкөгө каршы АКШ тийиштүү чараларды көрө тургандыгын да эскертти. Иракка байланыштуу сүйлөшүүлөргө Иран менен Сирияны ортомчу кылууга чакырган сунуштарды четке каккан президенттин чечимин бышыктап, Райс Иран менен Сирия региондогу бүлгүнчүл иштерин токтотууга тийиш деп билдирди. Бул эки өлкөнү сүйлөшүү процессине тартуу, Райстын айтымында, алардын бүлүкчүл иштерине колдоо көрсөткөндүк болор эле. Мындай кадам душмандарга дем берип, союздаштардын ындынын өчүрмөк.

Кечээ өткөрүлгөн коомдук пикирдин сурамжылары президент Буштун Иракка кошумча аскер контингентин жөнөтүү чечими калк арасында колдоо таппагандыгын көрсөттү. Суралгандардын дээрлик 70 проценти президенттин жаңы планына каршы экенин,30 проценти аны колдой турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG