Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

ИРАК ӨКМӨТҮНҮН ӨЛКӨДӨ ТАРТИП ОРНОТУУ БОЮНЧА ПЛАНЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирак премьер-министри Нури ал-Малики 6-январда атайын билдирүү жасап, Багдад шаарында тартип орнотуу үчүн өкмөт жаңы план иштеп чыкканы тууралуу билдирген жана ал план боюнча борбор калаага кошумча аскерлер киргизилүүгө тийиш. Премьердин бул планы азыр айрым эксперттер тарабынан сынга алынууда.

Ирактын Самарра шаарындагы Ал-Аскари алтын мечитинде былтыр февралда ири жарылуу болгондон кийин өлкөнүн шийи жана сунни мусулмандары ортосундагы кагылышуулар көбөйдү жана кээ бир эксперттер аларды азыр ич-ара согуш деп да атай баштады. 30-декабрда мурдагы президент Саддам Хусейн дарга асылгандан кийин диний аралык чыңалуу ого бетер курчуду жана айрым байкоочулар - кагылышуулар дагы күчөшү мүмкүн деген пикирде.

Мындай абалда премьер-министр Нури ал-Малики 6-январда - өкмөт жаңы план иштеп чыкканы тууралуу билдирди жана ал план боюнча Багдад шаарына өлкөнүн ар башка аймактарынан 12 миңге чейин аскер алып келинет жана алар шаар көчөлөрүн тинтип чыгып, тартип орнотууга тийиш.

Анткен менен "ал-Шаркия" сыналгысы 7-январда билдиргенге караганда, премьердин андай планына өлкө парламентинин спикери Махмуд ал-Машхадани каршы чыкты. Анын айтымында, конституция боюнча андай ири аскерий пландарды ишке ашыруу үчүн премьер алдын ала парламенттен уруксат алыш керек, бирок депутаттар менен ал эч кандай сүйлөшүү жүргүзгөн эмес.

Ошол эле күнү "ал-Жазира" сыналгысы билдиргенге караганда болсо, "Улуттук диалог фронту" деп аталган уюмдун жетекчиси Салих ал-Мутлак премьердин планын - шийилер тарабынан сунни мусулмандарына каршы көрүлүп жаткан аракет деп баалаган. Премьер Малики өзү шийи мусулман.

Борбор калаага чакырыла турган кошумча аскерлердин басымдуу бөлүгү күрддөр жашаган түндүк аймактардан келүүгө тийиш. Бирок күрд жетекчилеринин айтымында, парламент чечим кабыл алмайынча алар Багдадка аскер жибербейт, анткени андай кошумча аскерлердин аракеттери диний жана улут-аралык араздашууну ого бетер күчөтүшү мүмкүн. "Ирактын күрд коалициясы" деген уюмдун жетекчиси Махмуд Утман 9-январда билдиргенге караганда, шийи жана сунни мусулмандар ортосундагы кагылышуулар аз келгенсип, эми курддөр менен арабдар ортосунда да чатак чыгышы мүмкүн. Күрддөр негизинен сунни мусулмандары.

Андан тышкары, айрым байкоочулардын пикиринде, диний аралык кагылышууларга азыр Иракта шийи имамы Муктада ас-Садрдын "Махди армиясы" кеңири катышууда. 2004-жылдын августунда ал-Нажаф шаарында чыккан кыргын үчүн дагы америкалыктар Муктаданы күнөөлөп келген жана ал кагылышуу - шийилердин руханий жетекчиси аятолла Али ал-Систанинин кийлигишүүсүнөн кийин гана токтогон.

Ошондуктан премьердин планы ишке ашырыла баштаса, өкмөттүк күчтөр сөзсүз Муктаданын жоокерлери менен дагы беттешет жана оор тирешүү пайда болсо, аятолла Систани кимди колдой турганы белгисиз дейт "Азаттыктын" Нью-Йорктогу кабарчысы Сумедха Сенанаяке.

"Вашингтон пост" гезити 7-январда билдиргенге караганда болсо, премьердин жаңы планын АКШ дагы көп колдогон жок. Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчилеринин бири генерал Раймонд Одиернонун пикиринде, андай план тең салмактуу болуп иштелип чыгыш керек.

XS
SM
MD
LG