Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

КОШУНА ИРАКТЫН ИШТЕРИНЕ ИРАН КИЙЛИГИШИП ЖАТКАНЫНА АКШ КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага 11-январда таң эрте менен Ирактагы америкалык аскерлер өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбил шаарындагы Ирандын консулдугу деп аталган имаратка чабуул жасап, бир нече адамды кармап кетти. Ошол эле күнү АКШ Сенатында өткөн парламенттик угуу учурунда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс - Ирактагы абалды бейстабилдештирүүгө кошуна Иран аракеттенип жатканына Вашингтон унчукпастан карап отурбайт деп билдирди.

Ал парламенттик угуу АКШнын Ирак саясатына арналат жана Сенаттын тышкы байланыштар боюнча комитетинин жаңы төрагасы Жозеф Байден - угуу эки аптага уланат деп билдирген. Мындай угуу өткөрүүнү Комитет - президент Жорж Буш Ирак боюнча жаңы стратегияны 10-январда жарыялаганга чейин эле белгилеген. 11-январдагы жыйын учурунда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс үч саат бою сенаторлордун суроолоруна жооп берди.

Ошол эле күнү эртең менен саат беште Ирактын түндүгүндөгү Эрбил шаарында болгон окуя менен байланаштуу Райс айым - Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн Вашингтон тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге кошуна Иран тоскоолдук түзүп жатканына АКШ унчукпастан карап тура бербейт деп билдирди.

Америкалык аскерлер Эрбилдеги имаратка жергиликтүү өкмөттүк күчтөрдүн коштоосунда чабуул жасаган, натыйжада алар алты адамды кармап, компьютерлер менен документтерди алып кеткен, кармалган бир адам кийин бошотулган. Иран өкмөтү дароо каршылык билдирип, Тегерандагы Ирак менен Швейцария элчилерин чакырып, алардан түшүнүк талап кылды. АКШ менен Иран ортосунда дипломатиялык мамиле жок болгондуктан, эки мамлекет Швейцария өкмөтү аркылуу байланышат.

Бирок Пентагондун өкүлү Брайан Уитмен ошол эле күнү - ал имарат кунсулдук эмес болчу жана кошуна Ирандын өкмөтүнө да анын тийешеси болгон эмес деп билдирди. Ирак тышкы иштер министри Хошиар Зебаринин айтымында, ал имаратта иштегенге ирандыктар Ирак өкмөтүнөн уруксат алган, бирок ал кеңсе толук консулдук эмес болчу.

Конгресс тарабынан былтыр мартта түзүлгөн атайын комиссия декабрда өз отчетун чыгарып, Ирактагы абалды жөндөш үчүн кошуна Иран жана Сирияны сүйлөшүү жараянына кошуш керек деген сунуш жасаган. Бирок Райс айым 11-январда билдиргенге караганда, Ирандын да, Сириянын дагы жетекчилери эмне кылууну жакшы билишет - алар Иракка тымызын түрдө курал жана согушкерлерди жиберүүнү токтотуш керек.

"Эгер Тегерандагы өкмөт, өзү айткандай, региондогу абалды стабилдештирүүнү кааласа, анда ал Ливан, Палестина, Ирак элдеринин күнөөсүз аракеттерине тоскоолдук түзгөн экстремисттерге колдоо көрсөтпөш керек. Андан тышкары Иран өзөктүк куралга ээ болуу ниетинен да баш тартууга тийиш", - деди Райс 11-январдагы жыйында.

12-январда Райс айым бир апталык сапар менен Жакынкы Чыгышка чыкты - ал Израил, Палестина, Сирия, Йордания, Кувейт жана Сауд Арабиянын жетекчилери менен жолугуп, Ирак жана Палестина маселелерин талкуулайт.

XS
SM
MD
LG