Өкүм дүйшөмбү күнү таңга жуук ишке ашырылганын премьер-министрдин кеңешчиси ырастады. “Таңкы саат үчтө Барзан Ибрагим ат-Тикрити менен Авад Хамед ал-Бандар дарга асылды,бул иш ирак трибуналынын өкүмүнө ылайык жасалды”, деп айтты өкмөт башчысынын кеңешчиси. Буга кошумчалап ал өкүмдү ишке ашыруу учурунда Барзандын башы үзүлүп кеткенин айтып,муну жараткандын амири менен болгон иш деп билдирди.
Айрым маалыматтарда Барзан Ибрагим менен Авад Бандарга дарга асылар алдында туугандарына телефон чалып, коштошконго уруксат берилгени айтылат.
Ирак трибуналы Ибрагим менен Бандарды 1982-жылы шейиттердин Дужаил кыштагында 148 кишини өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп таап,былтыр ноябрда дарга асканга өкүм чыгарган эле. Адвокаттар декабрда алардын атынан ырайым кылууну сурап, аппеляциялык сотко кайрылышкан. Бирок сот бул суранычты четке каккан.
Саддамдын дагы төрт иркектеши ар түрдүү мөөнөткө түрмөгө кесилген.Трибуналдын өкүмүнө ылайык, мурдагы вице-президент Таха Ясин Рамадан өмүрүн абакта өткөрөт, калган үчөө түрмөдө он беш жыл отурат,бирөө акталган.
Эл аралык укук коргоочулар ирак бийликтерин Ибрагим менен Бандарга чыгарылган өкүмдү ишке ашырууну токтото турууга чакырышкан. Алардын соңунан ушундай үндөө менен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиза Арбур, мындан бир нече күн мурда баш катчы Пан Гу Мун өзү кайрылган эле. Өкүмдүн ишке ашырылышына Ирактын азыркы президенти Жалал Талабани да каршы болгон. Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу,Италиянын премьери Рамоно Проди Багдад бийликтеринин өкүмдү ишке ашырганын айыптап, мурдагы режимдин төбөлдөрүн дарга асуу менен Иракта коопсуздукту камсыз кылууга болбой турганын эскертишти.