Америкалык "Ньюсуик" журналы 15-январда жазып чыкканга караганда, кимдир бирөө Орусиянын эл аралык кадырын төмөн түшүрөм деп аракеттенсе, аны орус өкмөтү өзү жасагандай кыла албайт болчу. Мындан туура бир жыл мурда ошондой эле чатак Орусия менен Украина ортосунда да чыккан жана Киевди жазалайм деп, Украина аркылуу өткөн газ куурун Маскөө жаап салгандан бир топ Батыш Европалык мамлекет эки күнгө газсыз калганда, дүйнө коомчулугу Орусияны "жоопкерсиз мамлекет" деп атай баштаган.
2006-жылы Орусия эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тобуна төрагалык кылды жана жайында ал Санкт-Петербург шаарында өткөргөн бийик жолугушуунун негизги темасын кубат коопсуздугуна арнаган. Бир жыл бою Маскөө Европаны - биз жоопкердүү мамлекетпиз деп ишендирип келген, бирок Жаңы жыл алдында кайрадан дал ошондой аракетке барганын Батыш Европа түшүнө албайт.
"Ньюсуиктин" жазышынча, Орусия башка мамлекеттерге өзүн жакшы көрүнтүүнүн эч кажети жок деп чечкен сыяктуу жана президент Владимир Путин кошуна мамлекеттерди өзүнүн душманына айлантуу боюнча рекорд койду. Беларус сыяктуу шериктерге мындай мамиле кылса, анда душмандарга Маскөө кандай аракет көрүшү мүмкүн? - дейт журнал.
Жакында Прага шаарына Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк келип кетти жана 15-январда "Азаттыктын" Украина бөлүмүнүн кабарчысы Марианна Драч менен сүйлөшкөндө, министр Тарасюк - Европа мамлекеттери түзгөн Кубат хартиясына Орусия кошулбай жатканын баса белгиледи:
"Дал ошол Беларус аркылуу жаткырылган мунай кууру кийин Украинанын аймагы аркылуу өтөт. Ошондуктан бул маселеге кайрылганда, Европанын Кубат хартиясында жазылган эрежелер, ошол жободо келтирилген стандарттарга кайрылыш керек. Украина ал Хартияга кошулган жана эгер бардык мамлекеттер анын шарттарын аткарса, мындай кризистер болбойт эле", - дейт Украина министри.
Европа саясатчылары азыр Каспий аймагынан чыккан мунай менен газды Европага башка жол менен жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн издей баштады. Түркмөнстандын газы менен Казакстандын мунайын Каспий деңизинин түбү менен өткөрүү пландары көптөн бери бар. Аны менен катар, канчалык кымбат болсо дагы, суютулган газды деңиз кемелери менен башка мамлекететрден алуу, андан тышкары шамал же биогаз системаларын колдонуу долбоорлору иштелип жатат.
Каспий мунайын Кара деңиз аркылуу Украинанын Одесса портуна жеткирип, андан ары өлкөнүн батышындагы Броды деген шаарга чейин жаткарылыган куур аркылуу Европага жиберүү планы да бар. Ал тууралуу министр Тарасюк да айтат:
"Менин оюмча, ал план 2008-2009-жылдарда ишке ашат. Анын кечигип жатканына кайсы бир саясатчылардын аны каалабай жатканы эмес, Одессага азырынча мунай жетпей жатканы гана себеп. Бирок биздин план боюнча бул долбоор 2008-2009-жылдарда ишке ашат", - дейт Украина тышкы иштер министри Борис Тарасюк.