Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:27

ПАРЛАМЕНТ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА КУЛОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КАРООДО


Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкерлигин кароодо. Депутаттар жарыш сөзгө чыгып, Куловдун буга чейинки ишмердигин талкуулап жатышат. Талкуу учурунда бир катар депутаттар Ф. Куловдун өкмөтүнүн ХИПИК программасына кирүү боюнча иш-аракеттерин, тоо-кен, энергетика тармагын башкарууда кетирген кемчиликтерин санап сынга алышты. Оппозициялык лагердеги саясатчылардын Кулов боюнча ой-пикирлери бирдей эмес, ар башка, ал түгүл кайчылаш болуп чыкты. Дооронбек Садырбаев "Куловдун фамилиясы жүргөн жеринде баары чыр-чатак, кылмыш иштери болуп атат" деп сынга алды. Темир Сариев ХИПИК программасына кирүүнү жактап жаткандыгы үчүн Куловду колдой албастыгын ачык айтты. Мелис Эшимканов ар кандай интригалардан алыс болуп, Куловдун талапкерлигин колдоого чакырды.

XS
SM
MD
LG