Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:41

ФЕЛИКС КУЛОВ ПАРЛАМЕНТТЕ КУЛАДЫ


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ф. Кулов премьер-министр кызматына өтпөй калды. Добуш берүүгө баардыгы 65 депутат катышып, анын ичинен 23 жактап, 39 каршы добуш беришкен.

Жогорку Кеңеште болгон талкуу учурунда бир катар депутаттар Ф. Куловдун өкмөтүнүн ХИПИК программасына кирүү боюнча иш-аракеттерин, тоо-кен, энергетика тармагын башкарууда кетирген кемчиликтерин санап сынга алышты. Оппозициялык лагердеги саясатчылардын Кулов боюнча ой-пикирлери бирдей эмес, ар башка, ал түгүл кайчылаш болуп чыкты.

"Кыргызстанда көрөңгө түгөнүп калгандай сүйлөйсүнөр, кошоматчылыктын да чеги болот да. Мен, мисалы Куловдун эрдигин, же болбосо жигердүү эмгегин билбеймин… Куловдун фамилиясы жүргөн жеринде баары чыр-чатак, кылмыш иштери болуп атат," - деди Дооронбек Садырбаев.

Депутат Ф. Куловдун аты Россияга сатылган самолеттор, Кумтөр, Химсинтез, буйуртма өлтүрүүлөр менен байланышып келгенин санап өттү.

Темир Сариев ХИПИК программасына кирүүнү жактап жаткандыгы үчүн Куловду колдой албастыгын ачык айтты. Ал эми оппозиялык саясатчы Мелис Эшимканов ар кандай интригалардан алыс болуп, Куловдун талапкерлигин колдоого үндөдү.

А. Бекназаров Ф. Куловду өтпөйт деп ачык эле айтып, аны талапкерлигин алып коюуга чакырды. Ал ХИПИКке кирүүнү колдоп жаткандыгы үчүн Куловдун талапкерлигин колдой албастыгын айтты. Ошондой эле Кулов президент К. Бакиевге кошулуп, революциянын идеяларын сатып жиберди деп баса белгиледи.

Президент Курманбек Бакиев Ф. Куловду премьер-министр кызматына ушуну менен экинчи жолу көрсөткөн болчу. Ф. Кулов мурда президент Акаевдин тушунда вице-президент, коопсуздук министри, губернатор, Бишкек шаарынын мэри болуп чоң кызматтарда иштеген. Акаевге оппозицияга өткөндөн кийин кызмат абалынан пайдаланып экономикалык кылмыш кылган деп айыпталып, он жылга түрмөгө кесилген. 2005-жылдагы март революциясынан кийин түрмөдөн бошоп чыгып, Жогорку Сот тарабынан акталган. Бийликке келген президент Курманбек Бакиев менен саясий тандем түзүп, президенттик шайлоого баруудан баш тартып, премьер-министр болуп иштөөгө макул болгон.

Өткөн жылдын аягында өлкөнүн Конституциясы жаңыргандан кийин Кулов башкарган өкмөт бүтүн курамы менен кызматынан чегинген. 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, ага кол коюлгандан кийин президент Курманбек Бакиев премьер-министр кызматына кайрадан Ф. Куловдун талапкерлигин көрсөткөн болчу.

Кулов бүгүн депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө эң алды тандемдин кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын алдыга коюп иштеп келатканын, мамлекеттик түзүлүш, ХИПИК жана айрым башка маселелер боюнча президент экөөнүн көз караштары айырмаланарын, бирок мындан жалпы ишке зыян келбегенин, мамлекет башчы менен тил табышып иштешип келатканын белгиледи.

Кулов өзүнүн дарегине айтылган сындарга жооп кайтарып жатып, Кумтөр алтын кенин канадалыктарга берүү жөнүндө келишимди колдогон эместигин, бирок, Тажикстанга 150 Калашников автоматын саттырганы чын экенин моюнга алган. анын айтымында, курал сатуу мамлекет башчылардын тапшырмасы боюнча ишке ашырылган, аны парламент текшерип, мыйзам бузуу тапкан эмес. Ал эми "Химсинтез" боюнча сатылган спирттин акчасы гуманитардык иш чараларга жумшалган. Муну кылмыш деп эсептөөгө болбойт. Кулов Бишкекте мэр болуп турганда көп акчаларды уурдап алган деп айыпталганын, бирок бир да далил табылган эместигин да белгиледи.

Ал премьер-министр кызматына коюлган талапкерлигин алып салбай турганын билдирип, бул жөнүндө депутат Бекназаровдун сунушун четке кагып койгон эле. (KCh)

XS
SM
MD
LG