Кондолиза Райс Палестина менен Израилдин жетекчилери менен жолугуп, эки тараптын талаптарын укту жана жакын арада уюштурула турган Палестина-Израил саммитине катыша турганын билдирди. Андан тышкары Кувейтте - Перс булуңуна чыккан мамлекеттер жана Йордания менен Мисирдин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышып, АКШнын Ирак саясатындагы жаңы стратегияга алардын жалпы колдоосун алды.
16-январда Кувейтте АКШ менен сегиз араб мамлекети ортосунда атайын коммюникеге кол коюлду жана Райс ал жолугушуунун жыйынтыктарын жогору баалады: "Биздин максатыбыз бир - Ирак бирдиктүү жана сырттан эч кимдин кийлигишүүсүнө дуушар болбогон мамлекет катары өнүгүш керек. Анын жарандарынын баары тең укуктуу болууга тийиш, улуту же динине карабай, алар мамлекет тарабынан бирдей корголуш керек", - деди Райс Кувейттеги жыйын аяктагандан кийин. 17-январда Райс айым Берлин шаарына келип, немис тышкы иштер министри менен Иран маселесин дагы талкуулады.
Араб министрлери Вашингтондун жаңы Ирак саясатына жалпысынан колдоо көрсөткөнү менен, айрым сын пикирлерди да айтты. Мисал үчүн, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал - Ирактагы бийлик мүмкүн болушунча ирактыктардын өздөрүнө берилиш керек деп айтты: "Ирактагы абалды калыбына келтирүү куралы биздин колдо эмес, ал - ирактыктардын өздөрүнүн колунда", - деди ханзада Файсал.
Андан тышкары Кувейттин эмири шейх Сабах ал-Ахмед ал-Сабах америкалык мамлекеттик катчыга - Сирия жана Иран менен Вашингтон сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш деп билдирди. Андай сунуш - Ирак маселеси боюнча АКШ Конгресси түзгөн атайын комиссия тарабынан да айтылган, бирок президент Жорж Буш жана Жакынкы Чыгышка болгон азыркы сапарында мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы андай сунушту четке какты.
Берлин шаарында Райс айым 17-январда - Ирандын өзөктүк программаларын токтотуу үчүн дүйнөлүк коомчулук бирдиктүү аракеттенүүгө тийиш деп билдирди. Аны менен катар ошол эле күндөрдө Франциянын президенти Жак Ширак Тегеранга өз өкүлүн жиберип жатканын жарыялаган. Андан тышкары АКШ, Бириккен Улуттар, Европа биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү февралдын башында Вашингтон шаарында жолугуп, Палестина маселесин талкууламай болду.
Райстын айтымында, убактылуу Палестина мамлекетин түзүш керек жана ал тууралуу мамлекетик катчы Израил жетекчилери менен дагы сүйлөштү. Палестина төрагасы Махмуд Аббас болсо ага каршы, анын пикиринде, убактылуу эмес, толук эгемендүү мамлекет түзүлүш керек. Палестина өкмөтүн көзөмөлдөгөн ХАМАС уюмунун айтымында болсо, эгемендүү Палестина түзүлгөндө гана алар Израилди мамлекет катары тааныйт.