Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: КУЛОВДУН ПРОГРАММАСЫ ПАРЛАМЕНТКЕ ДА, ЭЛГЕ ДА ЖАТ


Маектешкен Улан Эшматов, Прага «Ата Мекен» партиясынын жетекчиси, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев 18-январда премьер-министр кызматына Ф. Куловду бекитүү боюнча добуш берүүгө катышкан жок. Ошол эле учурда оппозициялык лагердеги депутаттар дагы бирдиктүү болбой, ар кандай добуш беришти.

- Кечээги добуш берүүдө сиз да каршылардын арасында болдуңузбу?

- Мен добуш берүүгө катышканым жок.

- Мурда саясий союздаш элеңиздер. Демек, сиз мындай чечимдерди соңку окуялардын таасиринен улам кабыл алдыңызбы?

- Саясий союздаш деген бул биринчи кезекте алдыда турган саясий максаттардын биримдиги, бирдиги дегенди билдирет. Ал эми жеке мамилелер - бул экинчи башка маселе. Ошондуктан биз буларды ажыратып алышыбыз керек. Биз кечээ Жогорку Кеңеш конкреттүү Феликс Кулов деген адамдын тагдырын чечкенибиз жок. Биз өлкөнүн тагдыры кандай болот, жаңы өкмөт кандай саясат жүргүзөт, мына ошол саясатты колдойбуз деп макулдашканбыз. Эртең башка өкмөт башчысынын кандидаты келсе дагы биз ага кандай саясат жүргүзөт, мына ошол саясатка макулдук беришибиз керек. Элдин алдында ошол саясат жүргүзгөн өкмөт менен кошо парламент жооп бериш керек. 30-декабрда, 9-ноябрда Конституцияга чоң өзгөрүү кирген, ал өзгөрүүнүн маңызы мындай – парламенттик көпчүлүк өкмөт жүргүзгөн саясатка башы менен жооп берет деген принцип. Мурун өкмөттүн ишине парламент да, президент да жооп берген эмес. Ал эми жаңы Конституция боюнча өкмөттү колдогон депутаттар өкмөттүн ишине жооп берет деген норма бар. Ошондуктан, биз жаңы келе турган өкмөттүн биринчи кезекте программасын угушубуз керек. Эгер ал программасы жакпаса ал биздин досубузбу, бир тууганыбызбы, ага добуш бербестен программасын жактырышыбыз керек. Ал эми бүгүнкү өкмөттүн программасы парламентке гана эмес, элге да жакпайт.

Паспорт маселесиндеги паспортту акча менен беребиз деген саясаты, алтын маселесинде алтынды тендери жок эле жең ичинен каалаган адамга кармата беребиз деген позициясы, ХИПИКке кирип Кыргызстандын убактылуу болсо дагы көз карандысыздыгын жоготобуз деген позициясын парламентте да, парламенттин сыртында да эч кимдин колдбойт. Энерго тармактын кээ бир объектилерин сатып, ал эми тарифти быйылкы жылдын аягына чейин эки эсе көтөрөбүз дегени депутаттардын да, коомчулуктун да колдоосуна ээ эмес. Эгерде ушуну өзгөртпөстөн туруп, ушул саясатты жүргүзөсүң деп Бакиев башка премьер-министрди алып келсе да ал да өтпөшү керек. Кулов ойлонуп саясатын өзгөртүп, жаңы саясат менен келиши керек.

Бул Асан-Үсөндүн тууганчылык иши эмес, добушту берип эл тагдырын жеңил көз караш менен карагандай. Эгерде жаңы кандидат келип, ал дагы эски саясатты улантам десе, мен ойлойм, аны парламент колдобош керек. Колдой турган болсо бул парламент дагы ушул өкмөт менен кошо эл алдында жооп бериш керек.

- Бирок, кечээги добуш берүүдө “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттык корпустагы топ бир позицияда болгон жоксуңар да бардыгыңыздар?

- Ооба, кээ бирлери колдошту.

- Болочок премьердин ХИПИК боюнча позициясы аны бекитүүдө чечүүчү ролду ойнойбу?

- Мен ар бир чоң саясий, Кыргызстандын калкынын тагдырына тиешеси бар маселелерде алар позициясын ачык айтыш керек деп ойлойм. Эгер ал позициясы элдин кызыкчылыгын колдой турган болсо, биз колдоп беришибиз керек. Эгерде жок, бүгүнкү Бакиев жүргүзүп жаткан саясатты аягына чейин чыгамын деп уланта турган болсо, анда ал элдин кызыкчылыгына карама-каршы келет. Мен башка депутаттарды билбейм, элге каршы саясатты мен колдой албайм.

- Кулов өзү айткандай эгер кайра көргөзүлсө ушундай эле картина кайталанышы мүмкүнбү?

- Жок, Куловдун саясаты бул биринчи кезекте компромисс. Өкмөттөн биз өзүбүзгө кызмат, же башка баалуулук сураганыбыз жок. Биз саясатын өзгөртүшүн каалайбыз. Мисалы, мен жаңы өкмөткө берген 5 мыйзамым бар. Ошолорго өкмөт макул болушун каалайм. Ошол мыйзамдарды өкмөт жактырбаса президент кол койбойт эле. Бул паспорттордун бекер болушу, көмүр тармагына жардам берүү, мына ушуга окшогон алгылыктуу деп эсептеген менин мыйзамдарым бар. Өкмөт бут тосконунан улам алар ишке ашпай турат. Ал эми ишке кабыл алынып күчүнө кирген эки мыйзам бар. Ошолордун толук кандуу аткарылышын мен талап кылат элем. Мисалы, айыл-чарба продукциясынын баасынын төмөндөп кетпеши үчүн негизги айыл-чарба культураларынын баасын өкмөт кармап туруш керек деген жообу. Ага бир тыйын акча бөлүнө элек. Ошондуктан ушуга окшогон бир топ мыйзамдарды өкмөт “туура, мен аткарып берем, буларга макулмун” десе өкмөт саясатын өзгөрткөнү болот да. 10-100 миңдеген адамдардын турмушуна оң таасири тие турган, адам жашайм деген макулдугу болот да.

Мына ушуга окшогон саясий өзгөрүштөргө барабыз деген өкмөт боло турган болсо эмне үчүн колдобошубуз керек. Кыска убакытта болсо дагы 10-100 миңдеген адамдардын тагдырына оң таасирин тийгизе турган саясат.

- Сизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG