Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

БАКЫТ БЕШИМОВ: КУЛОВДУН АЙЛАНАСЫНДА САЯСИЙ ОЮН ЖҮРҮП ЖАТАТ


Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов Жогорку Кеңеште Ф. Куловдун премьер-министр кызматына өтпөй калган фактысы боюнча «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

- Эгемендүүлүктүн тарыхында премьер министрге көргөзүлгөн жалгыз талапкердин өтпөй калышы алгачкы ирет болуп отурат. Кезинде сиз да мүчөсү болгон Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы премьер-министрге көргөзүлгөн адамды ураалап талкуулабастан колдогон учурлар болгон эле. Кечээги окуя нормалдуу эле көрүнүшпү, же кризистин белгисиби?

- Бул өтө терең кетип бараткан кризистин белгиси. Ал эки багыттуу кризис болуп атат. Биринчиден, кризис аткаруучу бийликтин ичинде. Ошол тандемдин бекем орунду ээлебегенинин көрсөткүчү. Экинчиден, бул аткаруучу бийликтин, өкмөттүн жана парламенттин ортосундагы карма-каршылык. Ошондуктан көп эле сөздөргө көңүл бурбай, жасалып аткан иштерге көз салсаңыз даана эле билип турбайбы.

- Мурдагы президент Аскар Акаев премьер-министрди дайындоодо парламентке ар убак келчү эле. Кечээ президент Бакиевдин өзүнүн келбешин сиз эмнеге байланыштырат элеңиз?

- Бул мен айткандай, тандемде бекем сүйлөшүүлөр, бири-бирине бекем ишенич жоктугун билдирет. Кечээ, эгерде президент келип туруп, премьер-министрди өзү көрсөтсө, менимче абал башкача болот эле. Келбегени эмнени көрсөтүп атат? Ал саясий оюндун уландысы. Мунун жыйынтыгы божомолдоп кандай айтса болот? Биринчиден, биринчи жолу премьер өтпөй калды. Макул. Эгерде дагы көрсөтсө, ошондой маалыматтар болуп атат, бирок, биринчи жолу өтпөй калган премьер экинчи жолу көрсөтүлгөндө өтүп кеткенде дагы эле анын жалпы позициясы өтө бош болуп калат.

Менимче, аткаруучу бийликтин ичинде катуу күрөшүү кетип атат. Аны бардыгыңыздар билесиздер. Ошондуктан Куловду ошол абалга алып барып туруп, ошол абалда азыр калтырып койду. Өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү, ишенимдүү добуш алып туруп өтпөгөн премьер-министр жетектеген өкмөт кантип мындан ары иштей алат?

Өзүңүздөргө маалым, 2005-жылы бизде өсүү болбоду, төмөн кетти экономикабыз. Азыр официалдуу маалыматтарга караганда өсүү 2,7 эле пайыз болду. Бул келээрки 2-3 жылга фундамент түзүлбөгөнүн билдирип атат. Байкадыңызбы биз кандай абалда калдык? Ошол маселелерди ойлонуп чечкендин ордуна булар керексиз өтө майда саясий оюндар менен алек болуп атат.

- Окуялар мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн. Маселен, Кулов 2-3 айлампадан өттү деп коёлу. Ал башкарган өкмөт менен Жогорку Кеңештин кайра эле эриш-аркак иштешинде проблема чыгат го?

- Албетте, проблема чыгат. Эмне үчүн дегенде бул проблема былтыр күзүндө эле чыккан, курчуп кеткен. Эми прогноз жаcасак, мындай болушу мүмкүн: премьер-министр Кулов өтүп, анан бир айдын, же эки жуманын ичинде эптеп-септеп өкмөт түзүлөт.

Андан кийинки дагы бир кызык көрүнүштөр болуп атпайбы, былтыр биринчи жолу 16 жылдын ичинде биздин бюджетибиз закондун негизинде талкууланган жок. Мисалы, закондун негизинде бюджет эки жолу талкууланыш керек. Өзгөрүүлөр, башка кошумчалар талкууланган жок. Эми өкмөт бекитилгенден кийин өкмөттүн отчетун, андан кийин структурасын, жаңы бюджетти, ХИПИКти караш керек. Иши кылып кырдаал өтө оор, терең. Ошондуктан бизге саясий жетечилик, өтө зиректик, даанышмандык, бийиктик жетишпей атат. Шорду кыргыз элбиз, чынын айтканда.

- Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Улан Эшматов

XS
SM
MD
LG