Алмания парламентинини он депутаты 17-январда түркмөн жетекчилигине кайрылып, 11-февралга белгиленген президенттик шайлоону ачык жана демократиялуу өткөрүүгө чакырды: "Түркмөнстанда демократиялык өзгөрүүлөр болбой жатканы бизди өтө тынчсыздандырат жана биз убактылуу өкмөткө кайрылып, аны - чыныгы демократиялык шайлоо өткөрүүгө чакырабыз. Бирок азырынча эч кандай өзгөрүү жок", - деди немис Бундестагынын депутаты Фолкер Бек "Азаттыктын" Түркмөн бөлүмүнө 19-январда берген интервьюсунда. Алмания азыр Европа Биримдигине төрагалык кылууда жана депутаттар федералдык өкмөткө кайрылып, түркмөн жетекчилигине таасир этүүнү да талап кылды.